Сиздин телевизор O!TV Android приставкасы менен АКЫЛДУУ болуп калат

13.03.2018

O!TV Android приставкасын сатып алыңыз да, 130 ТВ каналын бир ай бою АКЫСЫЗ көрүңүз!

Жогорку технологиялык компаниянын имиджин кармап туруу менен О! Мобилдик оператору жаңы O!TV Android приставкасынын сатыгын баштады. Бул революциялык түзүлүш кадимки телевизорго жаңы жашоо тартуулап, аны санариптик мүмкүнчүлүктөрү бар мультимедиалык борборго айлантат!

O!TV Android приставкасы – бул сиздин телевизорго төмөнкү функцияларды бере турган чакан жана кичинекей түзүлүш:

  • O!TV тиркемеси аркылуу популярдуу 130 ТВ каналын көрүү мүмкүнчүлүгү;

  • Сиздин телевизордон браузер аркылуу Интернетке чыгуу;

  • YouTube каналынан видеолорду көрүү,

  • Skype, Facebook аркылуу баарлашуу;

  • USB-топтогучтан медиафайлдарды ачуу;

  • жана Android 7.0. башка мүмкүнчүлүктөрү

Приставканы минималдык интерфейстерге (“тюльпан” деп аталган - кызыл, сары жана ак кичине коңгуроолор) ээ болгон бардык телевизорго кошсо болот.

Приставка Wi-Fi же зымдуу Интернет аркылуу иштейт.

O!TV Android приставкасын сатып алганда, сиз 130 рейтингдик телеканалдарды 30 күн АКЫСЫЗ көрүүгө мүмкүндүк аласыз. Комплектинин баасы бардык салыктарды эске алуу менен 2990 сомду түзөт. Түзүлүштү өлкө боюнча жайгашкан бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алса же Бишкек шаарында акысыз жеткирүү үчүн ostore.kg сайтынан тапшырык кылса болот. Акция 2018-жылдын 31-декабрына чейин жүрөт. Толук маалыматты o.kg сайтынан же 798 телефонунан (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) билсе болот. 

Сиздин телевизор АКЫЛДУУ болуп калат!

 


Тизмеге кайтуу