ЦУМдагы жаңы O!Store дүкөнүнүн ачылышында Сиздерди АРЗАНДАТУУЛАР жана сонун БЕЛЕКТЕР күтөт

03.04.2018

Көңүл бургула! Эртең эле, 4-апрелде, Бишкектин чок ортосунда – “Айчүрөк ЦУМ” соода борборунун 1-кабатында фирмалык O!Store дүкөнүнүн ачылышы болот! 

Бул окуянын урматына О! Мобилдик оператору кардарлары үчүн көптөгөн сыйбелектерди даярдап койду! Дүкөндүн чоң аянтындагы ыңгайлуу промо-стенддеринде түрдүү дүйнөлүк бренддердин смартфондору гана эмес, аксессуарлардын да кеңири ассортименти жайгашкан. Баса, аксессуарларды 13-апрелге чейин -20% арзандатуу менен сатып алса болот.

Мындан тышкары, конкурстун шарттарын аткарган алгачкы 100 кардар үчүн O!Store дүкөнүнөн фирмалык эстелик белектер каралган. Конкурс тууралуу толук маалымат Facebook баракчабызда.

Эске сала кетсек, O!Store дүкөндөрүндө "О!го которул" тарифи менен байланыш кызматтарына 50%га чейин арзандатуулар менен каалаган смартфонду насыяга сатып алса болот. Ал үчүн паспортту жана айлык акы тууралуу маалымкатты, же ишкердик менен алектенгендер үчүн акыркы 3 ай үчүн жарактуу патентти көрсөтүү жетиштүү.

Жаңы O!Store дүкөнүнө кош келиңиздер. Сиздерди күнүгө Чүй пр., 155 дарегинде күтөбүз. Дүкөн саат 10:00дөн 20:00гө чейин дем алышсыз жана түшкү тыныгуусуз иштейт.


Тизмеге кайтуу