O!Store дүкөндөрүндө үйүңүз үчүн супер жаңылыктар - Яндекс.Станция акылдууу колонкалар пайда болду

08.10.2021

O!Store дүкөндөр тармагынын акылдуу ассортименти эн кызыктуу түзүлүштөр менен толукталды – Яндекс.Станция колонкалары келди.

Алардын бирөө сөзсүз үйүңүздүн борбору болуп калат да, көнүмүш иштериңиздерге бираз сыйкыр кошот.

Мен сизди угам жана жумуштарга жардам берем. Мага бир нерсе табыштаңыз

Алиса күнүңүздү пландоого жардам берет жана маанилүү нерселерди эсиңизге салат. – Алиса, эртең Бишкекте кандай аба ырайы болот? – Алиса, жолдор кандай? – Алиса, бүгүн кандай жаңылыктар болгонун айтып бер. – Алиса, мени эртең таңкы 7ге машыгууга ойготуп кой. – Алиса, жарым сааттан кийин апама чалышым керектигин эскертип кой. Лампалар, розеткалар жана үй-тиричилик технкиасы Алисага баш ийишет. Сиздин суранычыңыз боюнча ал жарыкты жандырат же кондиционерге жылуулук кошуп коёт.

Жайлуу кеч үчүн кино тандоого жардам берет

Ынгайлуураак отуруңуз: Алиса менен бирге акылдуу колонка жакшы сапаттагы фильмди тандап, телевизордон көрсөтүп беришет. Ал эми көлөмдүү добуш сизди толугу менен кинонун атмосферасына тартып кетет.

Маанайыңызга жараша музыка коюп берет

Сүйүктүү ырчыларыңызды коштоп ырдаңыз, радио угуңуз жана деңиздин шоокумунда эс алыңыз – акылдуу колонка эмнени сурансаңыз ошону кошуп берет да, жаңы музыканы сунуштайт. Ал чакан отурушка жете тургандай кубаттуулуктагы мыкты добушту берет.

Алиса балдарды алаксытат

– Алиса, Көмөч нан жөнүндө жомокту кой. – Алиса, «Достук ырын» кой. Ошондой эле Алиса менен жөн эле сүйлөшсө болот.

Колонканы колдонуу оңой: өз смартфонуңузга App Store жана Google Play платформаларында болгон Yandex тиркемесин жүктөп алыңыз , тизмеден керектүү түзүлүштү табыңыз жана нускамага жараша аракет кылыңыз. Орнотулган Bluetooth жана Wi-Fi модулдары зымсыз кошулууну камсыздашат, ал эми бул модель 220 В чыңалуудагы электр түйүнүнөн азыктанат. Колонканын жогору жагында жаңсоолорго жооп кайтаруучу датчик бар. Эгер сище үндүн бийиктигин өзгөртүү, добушту өчүрүү же жандыруу керек болсо, кол булгап коюу жетиштүү. Керек учурда микрофондорду баскычка басуу менен өчүрүп койсо болот.

Акылдуу колонкалар ар түрдүү түстө жеткиликтүү. Яндекс. Станция бөлүп төлөөгө айына 1082 сомдон башталат, бирок толук сатып алган пайдалуураак болот. Баасы колонканын көлөмүнөн көз каранды, Мини үчүн 5990 сом, кубаттуураагы - 15990 сом жана Макс-версиясы - 24990 сом.

Жаңылыктарды 0705007000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан тапшырык кылыңыз.

O!Store – сиздин акылдуу санариптик сатып алууларыңыз.

Товардын саны чектелүү. Товар тастыкталган. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет, банк кредитти берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ лицензиясы: № 037.


Тизмеге кайтуу