«О!Деньги» тиркемеси менен замандан артта калбаңыз

27.07.2018

Мобилдик телефонду колдонуучулардын арасында электронук капчыктар күн өткөн сайын популярдуулукка ээ боло баштады. «О!Деньги» тиркемеси бардык төлөмдөрдү жеңилдетет, ошондуктан аны сөзсүз смартфонуңузга жүктөп алышыңыз зарыл.

  1. Үйдө отуруп эле коммуналдык төлөмдөрдү төлөңүз. Почтага баруу жана терминалдарды издөө мурунку замандарда калды. «О!Деньги» мобилдик капчыгын толуктап же ага банктык картаны байланыштырып койсоңуз жетиштүү. Анын жардамы менен төлөмдөрдү үйдөн же дүйнөнүн каалаган жеринен жүргүзүүгө болот – болгону интернет гана керек. Электр жарыгы, газ, ТВ жана башка кызматтар үчүн тез-тез төлөнүүчү төлөмдөрдүн шаблондорун түзүп алыңыз, кайталанган маалыматтарды киргизүүгө убактыңыз кетпейт (телефон номери, өздүк эсеп ж.б.): болгону керектүү шаблонду тандайсыз да, төлөмдү жүргүзөсүз. 

  2. «Народный» жана Globus дүкөндөрүндө 3 секундада эсептешиңиз! Ооба-ооба, «О!Деньги» тиркемесинин жардамы менен бул супермаркеттердеги төлөөлөргө ушунча эле убакыт кетет. Болгону кассирге төлөөнүн түрүн билдириңиз, камераны кассирдин дисплейине чыга турган QR-кодго буруңуз, болду! Ар бир ушундай сатып алуу сизге 1%га арзан түшөт, сатык салыгы алынбайт. Эми керектүү купюраларды издөөнүн жана арткан акчаны күтүүнүн кажети жок.

  3. Каалаган банктын банктык кассасын кошуңуз. «О!Деньги» тиркемесинин «Менин карталарым» бөлүмүндө өз банктык картаңыздын реквизиттерин көрсөтүү менен сиз электрондук капчыктын балансын толуктай аласыз же кызматтар үчүн дароо картаңыздан төлөм жүргүзө аласыз.

  4. О! абоненттери үчүн 10% кэшбэк жана Lalafo-до акысыз трафик. Бул кантип иштейт? Мисалы, сиз автоунааңызды сатуу үчүн Lalafo-го кулактандыруу жайгаштырдыңыз жана анын популярдуу болушун каалайсыз. Анда сиз кулактандырууларды жылдыруу опцияларынан пайдаланып, VIP кызматын сатып алышыңыз же башка түс менен боёшуңуз керек. Бул кызматтарды төлөөдө «О!Деньги» тиркемеси аркылуу каражаттарыңыздын бир бөлүгүн кайтарып аласыз. Элестетип көрүңүз, VIP кызматын сатып алуу үчүн 2000 сом төлөдүңүз дейли, анын 200 сому электрондук эсебиңизге кайтарылып берилет.

  5. «О!Деньги» – бул ишенимдүү жана коопсуз! Биринчиден, тиркеме өзүңүз гана билген сиздин жеке шартбелги менен, ошондой эле бармак тагы менен (сиздин телефон ушунда функцияга ээ болгон учурда) ишенимдүү корголгон. Экинчиден, алдамчылык аракеттерин токтотууга жардам берүүчү тутум иштейт. Үчүнчүдөн, банктык карталар менен жүргүзүлүүчү бардык операциялар коопсуздуктун Visa жана MasterCard стандарттары боюнча корголгон.

Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн «О!Деньги» тиркемесинде балансыңызды комиссиясыз толуктап ала турган О! кеңселеринин жана терминалдарынын картасы бар. Жеткиликтүү толуктоо жайларынын тизимине жакында Quick Pay терминалдары да кошулду.

«О!Деньги» тиркемеси менен жагымдуу, тез жана ыңгайлуу сатып алууларды каалайбыз! 

 


Тизмеге кайтуу