О! менен бирге бала кезден – маалыматтык технологиялар ааламына

02.06.2022

О! Мобилдик операторунун колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу «Kids IT Day» маалыматтык технологиялар форуму болуп өттү.

Форум Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аянтчасында уюштурулду. Катышуучуларга КР БШК төрайымы, КР Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү каалоо-тилектерин билдиришти.

1 Инста.jpgphoto_2022-06-02_16-10-27.jpgIMG_0819.jpg

Ачылыш салтанатынын учурунда сценага чоңдор жана урматттуу кишилер гана чыгышкан жок, балдарга да өзгөчо орун каралды. Алардын арасында ДМЧА арасында өткөн онлайн-шахматтык турнирлерде мыкты көрсөткүчтөрү бар жана Бишкек шаарынын начар уккан жана дүлөй балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернаттарынын ийгиликтүү окуучулар келишти. Алардын баары O!Store дүкөндөрүнөн санариптик девайстар менен аксессуарларды сатып алуу үчүн 3000 сомго белек сертификаттарына ээ болушту. Ошондой эле шаңдуу конкурстар менен кооз белектер да алардын кубанычына кубаныч кошту: фирмалык футболкалар, бейсболкалар, кружкалар жана О! символикасы менен башка сувенирлер.

Маалыматташтыруунун социалдык тармакты жагы камтып жаткандыгы абдан маанилүү. Иш-чарага ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен аз камсыз үй-бүлөлөрдөн келген балдар катышты. Башкы өнөктөшүбүздүн 10000 сом негизги сертификатын өзгөчө окуучу - №62 гимназиясынын тарбиялануучусу Байэль Акимбеков утуп алды. Кубанычтарга чек жок болду! Анткени Байэль O!Store дүкөнүнөн өзүнө гана эмес, иниси менен карындашына да белек алды.

Форумдун жүрүшүндө балдар электрондук коммерциянын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле VR жана AR-технологиялардын жашообузду кантип өзгөртүп жаткандыктары жөнүндө билип алышты. Айрыкча балдарды робототехника боюнча мастер-класстар жана кибертурнир кызыктырды. IT-тармагындагы иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө О! Мобилдик операторунун өнүмдөр боюнча директору Юрий Челбаков бөлүштү.

«IT тармагында кесиптердин саны оголе көп, бирок ийгиликтүү болуу үчүн ар дайым окуу керек. Эмнеден башташ керек деп сурайсыздар, – деп сөзүн улантты Юрий. – Баары оңой: окутуу Бишкекте О! компаниясынын өзүндө жүргүзүлөт. iOS жана Android мобилдик тиркемелерин иштеп чыгуу боюнча акысыз стажировкадан өтүңүз, мыктынын мыктысы болуңуз да, иш боюнча сунуш алыңыз. Стажировка 6 ай жүрөт. Сиз теориялык маалыматтарды алуу менен, бул маалыматтарды мыкты менторлордун карамагында дароо ири долбоорлордо иш жүзүндө колдоносуз. Таланттуу адистер бизге ар дайым керек».

photo_2022-06-02_16-10-31.jpgphoto_2022-06-02_16-10-23.jpg

О! компаниясына IT-стажировкага кантип өтүү керек

Конкурстан өтүп, стажер болуу үчүн аракет кылуу керек. https://o.kg/internlabs/ шилтеме боюнча форманы толтуруңуз жана 2022-жылдын 17-июнуна чейин тесттен өтүңүз. Мындай сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

Иш-чаранын уюштуруучулары: КР Борбордук шайлоо комиссиясы, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, «Проектный офис» МИ, «Интернет саясаттын жарандык демилгеси» КФ, «Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» КФ, КР Жогорку технологиялар паркы, Кыргыз Программалык камсыздоо жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын ассоциациясы (КАРПОУ).


Тизмеге кайтуу