Бишкектин борборунда жаңы O!Store ачылды. Майрамдык арзандатуулар!

19.10.2021

O!Store дүкөндөр көп болбойт – Бишкектин чок ортосунда кардарларыбыздын ыңгайлуулугу үчүн ГУМдагы дагы бир филиалыбызды жана өлкө боюнча 109-дүкөнүбүз ачылды. Дагы бир филиал имараттын минус 1-кабатында иштейт.

Жаңы филиалдын дареги: Чүй проспектиси, 92, ГУМ «Чынар» соода оюн-зоок борбору, 1-кабат, кирүү Киев көчөсү тарабынан. Дүкөн күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт.

Бул жерде кардарларды кубантуу үчүн баары табылат – арзандатуулар, кешбэктер, атайын сунуштар. Бөлүп төлөө үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк бар. Ачылышынын урматына жаңы O!Store дүкөнүндө майрамдык арзандатуулар жүрөт:

  • 1000 сомго чейинки бардык аксессуарларга -20%;

  • 1000 сомдон башталган аксессуарларга -10%

Көңүл буруңуздар, акциянын мөөнөтү: 16.10.2021-15.11.2021 (камтуу менен). Акция боюнча товардын саны чектелүү.

O!Store – бул О! Мобилдик операторунун кардарларын тейлөө боюнча ири тармак болуп саналат. Бул жерде ар кандай капчыкка ылайык өзүң жана жакындарың үчүн заманбап белек тапса болот. O!Store дүкөндөрүндө дүйнөлүк бренддердин смартфондорунун кеңири түрү бар, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке кошулуу үчүн баары жеткиликтүү: роутерлер, винглдер, үй-бүлөлүк комплекттер. Мобилдик түзүлүштөр үчүн 2000ден ашуун аксессуарлар: кулакчындар, колонкалар, кабелдер, переходниктер, адаптерлер, портативдик пауэрбанктар, фирмалык рюкзактар жана баштыктар. Ал эми акылдуу тарифтерге кошулуу жана аларды башкаруу үчүн үй үчүн комплекттер, ошондой эле үй үчүн акылдуу комплекттер.

Кеңселердин дизайны жана компаниянын дүкөндөрү хай-тек стилинде иштелип чыккан, ал эми бренддин ачык түстөрү позитив тартуулайт. Бул жерде мобилдик түйүнүно кошулууга, мобилдик интернетти ырастоого, кооз номерди алмаштырууга/калыбына келтирүүгө, детализация алууга, балансты толуктоого же «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынан каражаттарды комиссиясыз накталай алууга, мобилдик байланыш боюнча бардык суроолорду чечүүгө жардам беришет.

Сизге жакын жайгашкан сатуу жана тейлөө кеңселеринин дарегин же O!Store дүкөнүн o.kg сайтынан билсеңиз болот.

О! Мобилдик оператору – ар дайым жаныңда!

Кредит «Дос-Кредобанк» тарабынан берилет, банк кредитти берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ лиценщзиясы: № 037. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу