О! Мобилдик операторунун колдоосу менен Бишкекте кибертурнир болуп өттү

22.05.2019

Биздин көз алдыбызда киберспорт геймерлер үчүн көңүл ачуунун бир түрүнөн башка деңгээлге өтүп баратат. Кибертурнирлер массалык иш-чарага айланып, көптөгөн күйөрмандарын топтоодо. Эгер ата-эне үчүн eSport – бул жаңылык болсо, жаш муундар үчүн өзүнчө чогулуп, өз ара мелдештерди уюштура турган көндүм адат болуп калды. Бирок, бул эми жөн эле хобби жана майрамдык көңүл ачуу эмес, Кыргызстанда өз федерациясы бар жана келечекте Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгү болгон чыныгы спорттук дисциплина болуп саналат.

19-майда Кыргызстандын Hydra Cybersport Stadium жаңы киберспорттук клубунда ушунчалык ысык болду! Ал жерде өлкөнүн мыкты киберспортчулары катышкан Кыргызстандын компьютердик спорт Федерациясынын Dota2 дисциплинасы боюнча Bishkek Stars League 8 биринчи расмий турниринин финалы болуп өттү. Турнир иш-чаранын катышуучулары тарабынан даярдалган сүйүктүү оюндардын каармандарынын образдарын чагылдырган укмуштуудай косплей-шоу менен коштолду. О! Мобилдик оператору бул окуянын башкы стратегиялык өнөктөшү болду.

Мелдештин байге фонду 300 000 сомду түздү, байгелерди күчтүү командалар өз ара бөлүп алышты: Gachi club – 1-орун, Darling – 2-орун, nRa+4 – 3-орун, Drop – 4-орун.

Костюмдардын конкурсуна катышкандардын арасында дагы 50 000 сом байге ойнотулду. 3-орунду Виктория Коняшина, 2-орунду Александр Балакирев, 1-орунду Айбек Кенжекараев ээлесе, баш байгени Алексей Неуймин утуп алды.

«О! Мобилдик операторунун колдоосу менен өткөн бул турнир абдан зор кызыгууну пайда кылды жана бул дисциплина боюнча катышуучулардын саны мурда болуп көрбөгөн деңгээлге жетти. Турнирге катышууну каалагандар жыл сайын өсүүдө. Ачык турнирде ар биринде 5 кишиден ойногон 60га жакын команда катышты. Иш-чаранын анонсу соцтармактарда он миңдеген киши тарабынан көрүлдү. Биз О! менен бирге геймерлерди сапаттуу турнирлер менен тез-тез кубантып, жогорку жетишкендиктердин жаңы спортунун келечектеги чемпиондорун өстүрө алабыз», – деп белгиледи Кыргызстандагы компьютердик спорт Федерациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Руслан Атеев.

Киберспорт (Кыргызстанда 2018-жылдын декабрь айынан баштап расмий таанылган) – бул компьютердик оюндардын негизиндеги мелдештердин түрү болуп саналат. Дүйнө жүзүндө киберспортту Кытай, Түштүк Корея, Малайзия, АКШ, Казакстан, Россия жана башкалар тааныды. Ал гана эмес Кытайда киберспортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа да бар. Корейлер киберспортту экинчи деңгээлдеги олимпиадалык дисциплина деп таанышып, аны шахмат менен шашкага теңешкен.

«Биздин балдарга кибердоордо жашоо туура келет. Ошондуктан, биз жаштардын компьютерлер менен туура алака түзүүгө үйрөнүүлөрү жана заманбап технологиялардын жардамы менен жашоодогу ийгиликтерге жетишүүлөрү үчүн маанилүү салымыбыз болушун маанилүү деп эсептейбиз», – деп О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко түшүндүрмө берди.

Келечектин футболу

Расмий федерациянын аккредитациясын алуу жана ушул сыяктуу турнирлерди өткөрүү бүгүнкү күндө Кыргызстан санариптештирүү боюнча долбоорлорду активдүү ишке ашырып жаткан учурда абдан маанилүү болуп саналат. Ал эми киберспорт жакындан бери өз алдынча тармактык багыт жана глобалдык санариптик экономиканын бир бөлүгү катары таанылды. Бул спорттун жаңы түрүн олимпиадалык дисциплина катары таанууга аз эле убакыт калды, ал эми мындай мелдештер компьютердик оюндарды сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу менен күчтүү спорстмендерди тандоого жардам берет.

Эксперттердин баамында, бүгүнкү күндө Россияда киберспорттун аудиториясы 10-12 миллион кишини түзөт, ал эми көрүүчүлөрдү камтуу боюнча футбол жана баскетбол менен атаандаша баштады. Буга кошумча катары, Twitch платформасындагы жана YouTube видеохостингдеги киберспорттук аудитория HBO, Netflix жана ESPN сервистеринин көрүүчүлөрүнүн санынан бир кыйла ашып кеткенин айтсак болот. Байкалып тургандай, бул тармак өнүгүүнүн жогорку потенциалын көрсөтүүдө.

Изилдөөчүлөрдүн кызыктуу байкоолору

Видео оюндар табият таануу илимдерин кабылдоого жана татаал математикалык маселелерди чечүүгө жардам берет. Оюнчулар өздөрүнүн ойнобогон кесиптештеринен кесипкөй тармакта артыкчылыгын көрсөтүшөт. Дал ошондуктан компьютердик оюндар бир катар өлкөлөрдө хирургдардын, учкучтардын, солдаттардын машыгууларында колдонулат. Россия Илимдер академиясынын психология институтунун когнитивдик психология боюнча адиси Ольга Морозова акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын маалыматтарын сунуштады. Алар эмнелер?

  • Биринчиден, жалпы компьютердик оюндар жана киберспорт мейкиндиктүү ой жүгүртүүнү жакшыртат. Шахматы жана геологиялык моделдөө боюнча университеттик курстардан да мыкты.

  • Экинчиден, көрүү эс тутуму өнүгөт.

  • Үчүнчүдөн, акыл-эс жөндөмдөрүнүн жаш өйдөлөгөн сайын начарлоосу акырындайт.

  • Төртүнчүдөн, тартип жана өзүн-өзү көзөмөл тарбиясы жүрөт. Буларсыз ири мелдештерге чыгуу – мүмкүн эмес.

  • Бешинчиден, ойноп жатып киши өзүн таасирдүү сезип, өзүн-өзү баалоосу жогорулайт. Мунун баары жашоосунун башка тармактарында да чагылдырылат.


Тизмеге кайтуу