О! Мобилдик операторунан 2 ЭСЕ көп интернет

23.05.2018

О! Мобилдик оператору «Сенин нөлүң» популярдуу тарифтеринде максималдуу ылдамдыктагы интернет-топтомдун көлөмүн 2 эсеге көбөйтүп жаткандыгын жарыялайт. Мында абоненттик төлөмдөрдүн өлчөмдөрү мурдагыдай эле калат. «Сенин нөлүң» тарифтеринин бардык пайдалануучулары эки эселенген көлөмдөрдү бүгүнкү күндөн баштап сезе башташат.

Эми «Сенин нөлүң 7 », «Сенин нөлүң 30», « Сенин нөлүң 7 Түштүк» жана «Сенин нөлүң 30 Түштүк» тарифтеринин пайдалануучулары 150 МБ интернет-трафиктин ордуна, ошол эле акчага эки эсе ылдамдыктагы 300 МБ интернет-трафикти күнүнө сарптай алышат. 

«Биз өзгөрүүлөр болот деп сөз бергенбиз – сөзүбүздү аткарып жатабыз! Өзгөрүүлөр Кыргызстандын рыногуна жаңы уникалдуу кызматтарды киргизүүгө гана эмес, иштеп жаткан тарифтердин шарттарын жакшыртууга да тиешелүү. Ошентип, биздин абоненттер жактырган «Сенин нөлүң» тарифтери мурункудан да пайдалуураак болуп калды.Максималдуу ылдамдыктагы интернеттин көлөмүн көбөйтүү – бул биздин заманбап чындыктарга жана ар түрдүү каналдар – социалдык тармактар, маалыматтык-сурап билүү кызматы, сатуу жана тейлөө кеңселери аркылуу чогултулган кардарларыбыздын кайрылууларына жооп болуп саналат. Кошулуңуздар! Өзгөрүүлөр эми гана башталууда!» - деп билдирди компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

«Сенин нөлүң» тарифтеринин жардамы менен О! Мобилдик операторунун абоненттери О! түйүнүнүн ичинде бири-бирине АКЫСЫЗ чалып, SMS жөнөтө алышат, стандарттык гудокторду сүйүктүү обондорго же тамашаларга алмаштырып, ошондой эле жеткиликтүү баада чексиз интернет менен пайдалана алышат.

О! түйүнүнүн ичинде баарлашуу үчүн тарифтерди башкаруу боюнча толук маалымат компаниянын www.o.kg расмий сайтында жеткиликтүү.


Тизмеге кайтуу