Роумингде балансты кантип толтуруу керектигин билип алыңыз

26.03.2018

Чет мамлекетте сапарда жүргөнүңүздө мобилдик эсебиңизде акча түгөнүп калды, же өз эсебиңизди эртерээк толтура албай калдыңыз дейли?

Кабатыр болбоңуз! О! Мобилдик оператору өз абоненттерине Кыргызстандагы жакындарынын номерлерине балансты толтуруу өтүнүчү менен USSD-сурамдарды акысыз жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү камсыздады.

Төлөм терминалдарынан жана банктардан алыс болсоңуз дагы, көңүлүңүз жай болот — «Роумингдеги менин балансымды толтур» кызматы менен сиздин досторуңуз жана жакындарыңыз, сиздин мобилдик балансты керектүү суммага толуктоо менен сизге ар дайым жардамга келет.

Телефонуңуздун номер каттаган китепчесине сурамдын акысыз буйрутмасын жазып алыңыз: *109*балансты толуктоону өтүнө турган О! түйүнүнүн абонентинин номери *сом менен толуктоо суммасы #. О! түйүнүнүн абонентинин номери 070Xxxxxxx форматта, же 99650Xxxxxxx форматында көрсөтүлөт.

Бул кызмат О! түйүнүнүн бардык жеке абоненттерине жеткиликтүү, кошумча ырастоолорду талап кылбайт жана өзгөчо жагымдуусу толугу менен акысыз көрсөтүлөт.

 

О! Мобилдик операторунун роуминги менен ар дайым байланышта бол.



Тизмеге кайтуу