Бѳлүп тѳлѳѳ боюнча акциянын шарттарындагы ѳзгѳрүү жѳнүндѳ билдирүү

19.06.2019

Урматтуу кардарлар,

2019-жылдын 3-июлунан 31-декабрына чейин (кошулуп) смартфондорду бѳлүп тѳлѳѳ менен сатып алуу шарттарына ѳзгѳртүүлѳр киргизилди. Эми акцияга бардык Huawei, Honor, LG, O!Phone смартфондору, Samsung A605, A750 моделдери, Xiaomi Redmi 6 32GB жана 64GB, Redmi 6A 16 GB моделдери катышат.

Эске сала кетсек, смартфондорду бѳлүп тѳлѳѳ менен сатып алуу акциясына Apple смартфондору катышпайт. 

Акциянын шарттары: 

  • алгачкы тѳлѳм 0%, 

  • пайыздык коюм 0%, 

  • насыялоо мѳѳнѳтү 3 же 6 ай,

  • насыянын эӊ жогорку босоголук суммасы – 70 000 сом, 

  • 1 физикалык жакка берилүүчү смартфондордун саны – 3 даанадан ашык эмес жана «Переходи на О!» тарифтеринин топтомуна 50% арзандатуу берилбейт. 

Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ. Товардын саны чектелген. Толук маалымат ostore.kg сайтында. «Дос Кредобанк» ААК КРУБ №037 лицензиясы.


Тизмеге кайтуу