БАЙЛАНЫШ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМГЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮ

01.08.2019

Урматтуу абоненттер,

Сиздерге 2019-жылдын 15-августунан баштап байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө Келишимге төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын билдиребиз:

  • Байланыш кызматтары Оператор тарабынан Кыргыз Республикасынын МТБМА караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинен «НУР Телеком» ЖЧК берилген №16-0062-КР, №16-0063-КР, №16-0088-КР, №14-1124-КР, №15- 1448-КР, №15-1469-КР, №18-0318-КР; «ИНТРАНЕТ КГ» ЖЧК берилген №15-1301-КР, №18-0294-КР; «Семь Мобайл» ЖЧК берилген №18-0297-КР, №15-1310-КР, №15-1311-КР лицензияларынын негизинде кѳрсѳтүлѳт.

  • Абонентке кандайдыр бир түрдө же ыкма менен өз алдынча жана/же үчүнчү тараптын жардамы менен программаларды, тиркемелерди жана/же жабдууларды колдонуу аркылуу түйүндүн идентификаторун (HOST, IMEI, SMM-центрдин номери, DNS, IP ж.б.) алмаштырууга багытталган аракеттерди жасоого же жүргүзүүгө, кошумча же укукка каршы максаттарда байланыш кызматтары менен бирге байланыш кызматтарды Операторго жана/же үчүнчү жактарга зыян алып келүү үчүн колдонууга тыюу салынат.
  • Абонент Келишимди аткаруудан баш тарткан же башка негиздер боюнча Келишим бузулганда Келишим бузулган учурда көрсөтүлгөн бирок төлөнө элек кызматтарга тиешелүү Абоненттин милдеттенмесинен башка Тараптардын милдеттенмелери токтотулган болуп эсептелинет. Абоненттин өздүк эсебинде калган акча каражаттары Абонент тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын төлөмү боюнча Абонент тарабынан милдеттенмеси аткарылган соң, Келишим боюнча төлөнгөн акчанын жана Келишим бузулган учурга көрсөтүлгөн кызматтардын баасынын ортосундагы айырма Абонентке кайтарылат. Мында өздүк эсеп жана/же байланыш кызматтары максаттуу негизде колдонулбаган учурда, уруксатсыз колдонуу фактылары боюнча иликтөө иштеринин натыйжасында тиешелүү чечим алынганга чейин жана/же Оператор тарабынан бул абалга тиешелүү жиберилген кайрылууга компетенттүү органдардан жооп алганга чейин Оператор Абоненттин акча каражаттарын кармап турууга укуктуу.

Тизмеге кайтуу