1-октябрга чейин «О!Деньги» капчыгынын идентификациясын өтүүгө жетишип калыңыз

18.09.2020

Электрондук капчыктын идентификациясын бүгүн өтүү эмне үчүн маанилүү

Кыргызстанда быйылкы жылдын 1-октябрынан тартып электрондук капчыктардын бардык колдонуучулары идентификациядан өтүүлөрү зарыл. КРнын Улуттук банкынын Токтомуна ылайык, белгиленген күндөн баштап идентификацияланбаган капчыктарды колдонуу мүмкүн болбой калат.

«О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн идентификациядан тиркемеден түз эле онлайн-форматта өтүү мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган. Бул ыңгайлуу жана тез гана эмес, пайдалуу дагы. Анткени онлайн-идентификация үчүн абонентке белек катары 10 ГБ интернет-трафик эсептелинет! Акция тууралуу кененирээк.

«О!Деньги» капчыгынын идентификацияланган колдонуучусунун артыкчылыктары

  • Көбөйтүлгөн лимиттер, каражаттарды көбүрөөк сактоо жана коротуу мүмкүнчүлүгү.

  • Онлайн-оюндарды жана соцтармактарды кошуу менен бардык кызматтарга кирүү.

  • Каражаттарды «О!Деньги», Qiwi, «Элсом» жана башка капчыктарга которуу мүмкүнчүлүгү.

  • Казакстан менен Тажикстандын банктарынын карталарын толуктоо мүмкүнчүлүгү.

  • Тиркемедеги мамлекеттик кызматтарга толук кирүү мүмкүнчүлүгү: транспорттук каражаттар үчүн салыктын суммасы тууралуу, жарандардын даректик каттоо боюнча жана паспорттук маалыматтары,бюджетке төлөмдөр жана көптөгөн башка нерселер.

«О!Деньги» капчыгынын идентификациясын кантип өтүү керек

  1. «Мой О!» тиркемесин жаңылаңыз жана ачыңыз.

  2. «О!Деньги» бөлүмүн тандаңыз.

  3. Идентификация бар вкладканы ачыңыз.

  4. Онлайн-өтүнмөнү толтуруңуз.

  5. SMS-код менен өтүнмөнү тастыктаңыз.

Өтүнмө бир иш күнүнүн ичинде иштелип чыгат.

«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Store платформасынан орнотуп алыңыз да, «О!Деньги» капчыгы аркылуу коммуналдык кызматтарды, интернет, мобилдик байланышты, айыппулдарды, салыктарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, кафелердеги эсептерди жана 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди төлөңүз.

10 ГБ интернет Акциянын алкагында “О!Деньги” капчыгынын онлайн-идентификациясы үчүн 2020-жылдын 23-апрелинен 30-сентябрына чейин жүрөт. Акцияга катышуу «Переходи на О!», «Сенин Супернөлүң» жана «Сенин нөлүң» тарифтик пландарынын абоненттери үчүн жеткиликтүү. МТжБМК караштуу МБА лицензиялары: №16-0062-КР, №16-0063-КР.

Сервис «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтардын тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: № 2021030817, № 3022030817. Идентификацияны «Дос-Кредобанк» ААК жүргүзөт. КРУБ лиц.: №037. 


Тизмеге кайтуу