О! мобилдик операторунан бир жылга мобилдик интернет белекке

09.11.2016

О! мобилдик операторунан  болуп көрбөгөндөй акция башталды - USB-ажырымы бар каалаган түзүлүштөн Wi-Fi тарата турган 4G Wi-Fi Wingle сатып алганда бир жылга интернет белекке берилет. 

Ошондой эле жаңы жылдык сунуштун чегинде акция боюнча 4G-түзүлүш сатып алып, колдонуучу бир жыл бою интернет үчүн төлөм жөнүндө ойлонбостон колдоно алат. Комплектинин баасы бардык салыктарды эске алуу менен 2900 сом.

 «Биз азыр мобилдик трафиктин өсүшүнүн туруктуу тенденциясын байкап жатабыз. Дал ошол себептен биздин керектөөчүлөргө мурункудан  жеткиликтүү кызмат менен бир жыл бою колдонушуна шарт түзүүнү чечтик. Биздин жаңы акциябыздын натыйжасында кыргызстандыктар бир жылга кадимки ай сайын же күн сайын төлөнүүчү   төлөмдөр жөнүндө унутуп, мобилдик байланышка чыгымдарын бир топ кыскарта алышат. Акция боюнча 4G WiFi Wingle-ди өлкөнүн бардык бурчунан сатып алсаңыздар болот!»,- деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Атайын сунушка 2016-жылдын 31-декабрына чейин кошулууга жетишип калыңыздар! Комплектинин саны чектелген. Акциянын шарттары жөнүндө кененирээк: здесь.


Тизмеге кайтуу