Үч бала. Ар башка класстардын телесабактарын бир убакта кантип көрсө болот? Айтып беребиз

08.04.2020

Кыргызстанда 2020-жылдын 8-апрелинен тартып, дистанциондук окутуу башталды. Атайын жүгүртмө аркылуу телесабактар бериле баштады, ар бир видеосабактын узактыгы 20 мүнөт.

  • КТРК «Баластан» телеканалында –бала бакчалар, даярдоо класстары жана 1-4-класстар үчүн;

  • ЭлТР «Билим Илим», «Пирамида», «Бешинчи канал», «Санат» каналдарында – 5-11-класстар үчүн

Каналдардын тизмеси КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген жана кошумчаланыышы мүмкүн.

Бир үй-бүлөдөгү ар башка класстарда окуган балдардын сабактарды өткөрүп жибербөөлөрү боюнча суроолорго жооп беребиз.

Буга «O!TV Окутуу» АКЫСЫЗ ТОПТОМДУ кошуп алуу менен жетишсе болот – бул бардык О! абоненттери үчүн өлкөдөгү Өзгөчө абал учурунда 2020-жылдын 6-апрелинен тартып ачылган билим берүү телеканалдарын акысыз көрүү мүмкүнчүлүгүн берген социалдык топтом болуп саналат.

«O!TV ОКУТУУ» топтомду КАНТИП КОШУП АЛУУнун кадамдык нускамасы:

1-кадам. Акысыз кирүүгө ээ болуу үчүн *750*88#чакыруу буйрутмасын териңиздер.

Кошуп алуу буйрутмасын тергенден кийин сиз логин (телефон номери) жана шартбелги (төрт маанилүү сан) менен SMS аласыз, андан кийин SMS аркылуу келген шилтеме аркылуу тиркемени орнотуп алуу керек. Тиркеме Play Market жана AppStore платформаларында жеткиликтүү. O!TV тиркемесин Smart TV функциясы бар телевизорлордо (LG, Samsung, Philips, Sony), телевизиондук приставкаларда жана https://otv.kg/ веб-порталында дагы жеткиликтүү болот.

11.png12.png

2-кадам. Тиркемеге кирүү үчүн 996 70X xxx xxx же 996 50X xxx xxx (мисалы 996700123456 же 996500123456) форматында логинди жана шартбелгини киргизиңиз:

13.png

Андан кийин менюну ачыңыз (тиркеменин сол жагындагы өйдөгү бурчундагы баскыч) жана сол жактагы тизмеден «O!TV Окутуу» топтомун табыңыз.

14.png 15.png

3-кадам. «O!TV Окутуу» топтомунда архивдик көрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгү бар (архив 3 күн сакталат). Мисалы, «ЭлТР» теелканалын тандаганда, архивдик көрсөтүүлөрдү көрүү үчүн төмөнкү аракетти жасоо керек

- сол жагындагы ылдыйкы бурчагы менюну ачуу;

16.png

- көрсөтүүлөрдүн программасыны өтүү жана кызыктырган көрсөтүүлөрдү ачуу;

17.png

Солго же оңго түрүү менен көрсөтүүлөрдү көрүүнү “шыр” башкарса болот (ал экрандын ылдый жагында жайгашкан):

18.png

- түз эфирге кайтып келүү үчүн оң жагындагы ылдыйкы бурчтагы «Эфир» баскычын басуу.

19.png

Топтомду башкаруу буйрутмалары:

  • Акысыз топтомду кошуп алуу - *750*88#.

  • Топтомдун абалын текшерүү - *750#.

  • Шартбелгини калыбына келтирүү - *750*5#.

Кененирээк маалымат o.kg сайтында.

Ар бир окуучу балаңыздын смартфонуна акысыз топтомду алыңыз да, сабактарды калтырбаңыздар.


Тизмеге кайтуу