Акчаң жок болсо деле Жаңы жылга белек кыла турган ТОП-3 Xiaomi смартфону

17.12.2021

Жаңы жылга белек кылуу оңой – айрыкча O!Store дүкөндөрүндө 3, 6 же 9 айга таризделе тургандай бөлүп төлөө каралган.

«Бөлүп төлөө 0-0-9» акциясы боюнча ай сайын жүргүзгөн төлөм анча көп болбойт. Эч кандай пайыздар менен ашык төлөмдөрдүн жок экендигин эске алганда аз-аздан төлөө абдан ыңгайлуу.

Смартфонду жеңил тандоо үчүн ostore.kg интернет-дүкөнү сиздерге ар бири жаңы ээсин кубантууга татыктуу Xiaomi смартфондорунун эң популярдуу моделдери боюнча статистиканы сунуштайт.

Бишкек шаары боюнча акысыз жеткирүү бар экендигин эсиңизге алыңыз, ал эми ostore.kg сайтынан онлайн тапшырык кылган учурда сиз +20 ГИГАБАЙТ интернетти белекке аласыз.

  • Xiaomi Poco X3 Pro – «Сага гана керектүү, бирок андан да мыкты» – бул хиттин бет ачарында ушундай ураан айтылган. Смартфон 2021-жылы чыкты жана дароо элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Аны чынында эле уламыштын уландысы десек болот, анткени Poco X3 Pro мыкты нерселердин баарын өзүнөн мурунку Poco X3 моделден алып калган. Артыкчылыктары катары 120 Гцтеги сонун IPS экранды, 1 саатта кубаттала турган 5160 мАч сыйымдуу аккумуляторду белгилесек болот. Бийик добуштуу стереодинамикалар, аудиоажырымдын болушу, ал эми меломандар үчүн HiRes – санариптик добуштун эң жогорку деңгээли болуп саналат. Смартфондун 4 камерасы бар: негизги 48-Мп, 8-Мп ультракеңирибурчтуу, 2-Мп макрообъектив жана тереңдиктин 2-Мп сенсору. Кубаттуу өндүрүмдүүлүгү үчүн жогорку чечимдеги контент менен иштөө абдан эле жеңил жана албетте, жагымдуу. «Бөлүп төлөө 009» акциясы менен смартфонго ай сайын төлөнүүчү төгүм 3022 сомду түзөт.

  • Xiaomi Redmi Note 10 – эгер сиз смартфондун жеңил жана чакан көлөмүн издеп жүрсөңүз, анда бул смартфон сиз үчүн. Ал өзүнүн amoled-экраны, 5000 мАч сыйымдуу аккумулятору, манжа издеринин ыкчам сканери менен мактана алат. Ошондой эле анын элдик Poco X3 Pro смартфонундагыдай сонун камерасы жана стереодинамикалары бар. «Бөлүп төлөө 009» акциясы менен смартфонго ай сайын төлөнүүчү төгүм 2122 сомду түзөт.

  • Xiaomi Redmi Note 9 – чыныгы бюджеттик хит. Өзүңүздөр күбө болуңуздар: негизги квадрокамера, татыктуу процессор, сапаттуу экран, 5020 мАч сыйымдуу аккумулятор, ыкчам зарядка жана Кыргызстанда финтех кызматтардын өтө ыкчам өнүгүп жатканын эске алганда онлайн төлөмдөр үчүн NFC. Мунун баары үчүн — абдан, укмуштуудай абдан гумандуу баа. 3.5 мм ажарымы менен кулакчындарды колдонууга көнүп калгандар үчүн ал бар, ошондой эле үй техникасын башкаруу үчүн ИК-порт да эске алынган. «Бөлүп төлөө 009» акциясы менен смартфонго ай сайын төлөнүүчү төгүм 1878 сомду түзөт.

«Бөлүп төлөө 009» акциясынын мөөнөтү: 07.12.2021-10.01.2022 (камтуу менен).

Толук маалыматты жана акциялык смартфондордун моделдерин ostore.kg сайтынан караңыз.

Бөлүп төлөөнүн максималдуу босоголук суммасы – 100 000 сом. Бир кардар өзүнүн наамына 2 даанадан ашык эмес смартфонду тариздей алат. Банк себептерин түшүндүрбөстөн бөлүп төлөөнү тариздөөдөн баш тартууга укуктуу. Товардын саны чектелүү. Товар тастыкталган. «Дос Кредобанк» КР УБ лицензиясы: №037.


Тизмеге кайтуу