ТОП-10. Кышкы каникулдарды кайсы өлкөлөрдө өткөрүү керек

11.12.2019

Окуучулардын кышкы каникулдары менен бирге узакка чейинки дем алыш күндөр да жакындап калды. Турагенттиктер кызыктуу жарнамаларды чыгара башташты, жана албетте көптөгөн ата-энелер мурдатан эле балдары менен бара турган чет өлкөлүк эс алууларын чуктап коюшкан.

Жакындарыңыз, туугандарыңыз жана кесиптештериңиз менен ар дайым байланыштырып турган О! Мобилдик операторунун «1 МБ – 1 сом» интернет-роуминги бар супертарифи иштеген жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин алдыңкы 10 багытын сунуштайбыз.

1 Түркия. Европа менен Азиянын кошулган жери
Turkey_1.jpg
Бай тарыхы, жагымдуу климаты, эң жогорку сервиси жана түрк меймандостугу ар түрдүү мамлекеттерден келген туристтерди өзүнө тартып турат. Кыргызстандыктар Түркияны визанын жоктугу, түз авиакаттамдар жана бир кыйла арзандыгы үчүн жактырышат. Турлардын баасы 300 доллардан баштайт, андан кийин баары өзүңүздүн фантазияңызга байланыштуу. Түркияда сиз Turkcell түйүнүндө өз номериңиздеги «1 МБ – 1 сом» пайдалуу тарифи менен болосуз. Бул өлкөдө гана SIM-картаны сатып алган учурда анын конкреттүү телефонго милдеттүү түрдө байлануусу тууралуу өзгөчө эрежелердин бар экендигин эске алсак, бул абдан ыңгайлуу.

2 Жылуу жана жарык маанай – Таиланд
Thailand_2.jpg
Ысык күндүн, жагымдуу деңиздин жана укмуштуудай драйвдын өлкөсү. Кенен жана таза көлжээктер, экзотикалык жемиштер жана тургундарынын жылмайган жүздөрү сиздин эсиңизден кетпейт. Көлжээкте кичине балдары бар үй-бүлөлөргө дагы, ыр-бийди жактыргандарга дагы, кызыктуу жерлерди кыдыргандарга дагы орун табылат. Таиландда сиз True Move түйүнүндө байланышта болосуз (1 МБ – 1 сом).

3 Вьетнам. Кызыл Ажыдаардын өлкөсү
Vietnam_3.jpg
Вьетнамды көп учурда табигый Таиланд деп да аташат. Чындыгында бул эки өлкө таптакыр эки башка мамлекет, ар биринин өзүнө тиешелүү фишкалары бар. Таиландда дагы, Вьетнамдагыдай эле жапайы жаратылыш менен бирге эң алдыңкы инфраструктураларга бай курорттор да кездешет. Чыныгы Вьетнам — бул мурунку цивилизацияларга тиешелүү байыркы храмдык комплекстер жана улуттук парктардын табигый кооздугу, даамдуу тамак жана жакшы сервиси менен арзан баалуу мейманканалар. Вьетнамда О! Мобилдик оператору Viettel оператору менен кызматташат, анын түйүнүндө дагы 1 МБ интернет болгону 1 сомду түзөт.

4 «Чыгыш Гавайи» – Кытайдагы Хайнань аралы!
China_4.jpg
Бул Кытайдагы жападан жалгыз тропикалык арал. Гавайя менен бир кеңдикте жайгашкандыктан, Хайнань ошондой климаттык шарттарга ээ болгон жана ушинтип аталып калган. Хайнандын эң түштүк чегинде жыл бою иштей турган курорт – Санья шаары жайгашкан. Хайнань аралында туристтерди укмуштуудай таза жана абдан туздуу Түштүк-Кытай деңизи, живопистик пейзаждар, жердин алдындагы термалдык булактар, таза кум жана байыркы вулкандар күтөт. Кытайда сиз кыргызстандык номериңизди алмаштырбастан эле China Mobile түйүнүндө онлайн болосуз (1 МБ – 1 сом).

5 Сауд Арабиясы
Saudi Arabia_5.jpg
Сауд Арабиясына болгон туризмдин негизги бөлүгү мурункудай эле ажылык сапарларды камтыса да, туризмдин таанып билүү секторундагы өсүштү да байкаса болот. Бул жакка Эль-Хижаз укмуштуудай тоо панорамалары, ачык каттагы сүрөттөрдөй көл жээктери, чөлдөр менен уникалдуу табияты бар улуттук парктарга жасалуучу экскурсиялар үчүн келүү керек. Атактуу Меке менен Мединага мусулман эместерге кирүүгө тыюу салынат, бирок көп сандаган башка мечиттер, сарайлар жана чептер туристтер үчүн ачык. Бул жерде сиз жергиликтүү SIM-картаны сатып албастан Saudi Telecom Company түйүнүндө байланышта болосуз (1 МБ – 1 сом).

6 Россия. Охта-парктагы кышкы жомок
Russia_6.jpg
Сөзсүз эле Альпы тоолоруна баруунун кажети жок, анткени Петербургдан 20 чакырым алыстыкта эң мыкты курорт бар. Бул борбор Охта дарыясынын оозунда кызыл карагай токоюнун ичинде жайгашкандыктан, таза абадан ырахат алуу мүмкүнчүлүгү да пайда болот. Ал эми кечкисин айлана жомоктогудай болуп калат! Россиядагы сапарыңызда сиз өз номериңизде онлайн болосуз да, дароо эки түйүндө МегаФон жана Tele2 түйүндөрүндө арзан интернет-тариф (1 МБ – 1 сом) менен колдоно аласыз.

7 Казакстан. Дүйнөдөгү эң бийик тоолуу музайдың
Kazahstan_7.jpg
Медео – бул таптаза тоонун абасы, укмуштуудай көрүнүш жана айтып бүткүс кооз жаратылыш.   Бул жерде коньки тепсеңиз болот, пикник уюштурсаңыз жана 842 тепкичтен турган кароол аянтчасына чейин басып баруу менен куш учушунан өрөөндүн кооздугуна суктана аласыз. Казакстанда деле ошондой эле тариф «1 МБ – 1 сом» Теле2 жана Beeline KZ сыяктуу эки ири байланыш операторлорунда жеткиликтүү.

8 Өзбекстан. Жылдын 300 күнү ысык  
Uzbekistan_8.jpg
Өзбекстан жаңы бышкан тандыр нандардын, самсы менен татымалдардын жытына толгон чыгыш базарлары менен өзүнө тартат. Бул жерде сиз сансыз кооз жерлери бар байыркы шаарларга экскурсиялык турларды, Кызылкум чөлүндөгү төөлөр менен сафарилерди, джиптер менен укмуштуу окуяларды жана тоолорго жөө саякатты тандай аласыз. О! Мобилдик операторунун Өзбекстандагы суперпайдалуу роумингинин өнөктөшү –Ucell оператору (1 МБ – 1 сом).

9 Украина. Карпаттар
Ukraine_9.jpg
Карпаттарда жыл бою эс алууга болот. Карпат тоолору – бул укмуштуудай таасирлер, унутулгус пейзаждар жана жандуу жаратылышты болгон кооздугу менен сезүү мүмкүнчүлүгү. Бул жерде лыжа тебүүчүлөр, жаратылыш койнунда эс алууну сүйүүчүлөр менен бирге тарых жана маданият сүйүүчүлөр дагы өзүнө кызыктуу нерселерди таба алышат. Бул тоолордо 400дөн ашуун минералдык суунун булактары бар. Туристтер эс алуу, дарылануу жана организмин жалпы чыңдоо үчүн келишет. Украинага келип конгондо роумингдеги өз операторуңуз катары 1 МБ - 1 сом болгон Vodafone түйүнүн тандаңыз.

10 Армения. Кичинекей өлкө, чоң ачылыштар!
Armenia_10.jpg
Армениядагы Жаңы жыл — бул бардык нерсенин молдугу: кавказдык меймандостук, жылуу кыш, байыркы жерлерге экскурсия, абдан даамдуу жергиликтүү ашкана жана арзан тоо-лыжа курорттору. Роумингдеги байланышта Beeline AM түйүнү (1 МБ – 1 сом).

Роумингдеги башка багыттар менен тарифтер тууралуу o.kg сайтынан билсе болот.
 
О! Мобилдик операторунан роумингсанаасыз саякатта!


Тизмеге кайтуу