Бир гана күн! O!Store дүкөнүндө бардык аксессуарларга 20% АРЗАНДАТУУ

26.10.2018

О! мобилдик оператору бишкектиктерди мыкты жаңылыктары менен кубантууну улантууда!

O!Store дүкөндөр тармагы Beta Stores-2 соода борборунда эртең эле – 27-октябрда “Арзандатуулар күнүнүн” алкагында өтө турган Акциясын жарыялайт.

Бардык кардарларды O!Store дүкөнүндө коюлган кеңири ассортименттеги аксессуарларга 20% көлөмүндөгү АРЗАНДАТУУЛАР күтөт. Бир гана күнү телефондордун каптарын, коргогуч айнектерди, плёнкаларды, шакек-кармагычтарды, кабелдерди, адаптерлерди, зымсыз колонкаларды, кулаккаптарды, рюкзактарды жана башка көптөгөн буюмдарды кадимки баасынан бир кыйла арзаныраак сатып алса болот.

O!Store тармагында бүгүн жүрүп жаткан башка Акциялар тууралуу да унутпаңыз. Сиз Huawei жана LG смартфондорун сатып алган учурда, 5700 сомго чейинки кэшбэкке ээ боло аласыз. Жаңы смартфонду накталай акчага сатып алса да болот жана болгону 2 документти : паспорт жана айлык акы тууралуу маалымкатты же акыркы 3 айга жарактуу патентти көрсөтүү менен насыяга жолжоболоштуруп алса да болот.

Дүкөн меймандарына ар дайым кубануу менен тосуп алат жана сиздерди Юнусалиев көч., 177/2 дареги боюнча саат 10:00дөн кечки 21:00гө чейин күтөт.

O!Store дүкөнүнөн пайдалуу сатып алууну пландаштырыңыз.

 


Тизмеге кайтуу