О! Мобилдик операторунан мугалимдер үчүн атайын сунуш — «Мугалим» тарифи

15.09.2021

О! Мобилдик оператору Covid-19 пандемиясы башталгандан тартып педагогдорго, мугалимдерге жана студенттерге жогорку сапаттагы виртуалдык окутуу процессине киришүүлөрү үчүн жеңилдетилген тарифтерди камсыздоого жигердүү киришти. Долбоор КР билим берүү жана илим министрлигинин катышуусу жана колдоосу менен ишке ашты.

Компаниянын эң ийгиликтүү иштеп чыгууларынын бири мугалимдерге арналган – 30 күнгө болгону 285 сом абоненттик төлөмү менен «Мугалим» социалдык тарифи.

Мугалим төмөнкүлөргө ээ болот:

  • 30 ГБ интернет;

  • КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө 100 мүнөт;

  • О! түйүнүндө ТОЛУГУ МЕНЕН ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS;

  • WhatsApp, Telegram, Skype Google Classroom, Zoom, Instagram, Facebook, ВКонтакте, Одноклассники жана Twitter – баарлашуу жана онлайн-окутууну өткөрүү үчүн АКЫСЫЗ интернет-трафик;

  • Билим берүүчү ТВ-каналдарынын «О!TV Окутуу» атайын топтомуна АКЫСЫЗ кирүү.

  • «Мой О!» тиркемесиндеги электрондук окуу китептери, сабак жүгуртмөлөрү жана видеосабактары менен «Мектеп» бөлүмүнө, ошондой эле билим берүүчү «ЯКласс» онлайн-ресурсуна АКЫСЫЗ кирүү.

Кантип кошулса болот?

Онлайн же каалаган O!Store дүкөндөрдүн биринде кошуп алса болот. Сизге паспорт жана иштеген жерден маалымкат керек болот.

Эгерде сиз алгачкы жолу тарифти кошуп жаткан болсоңуз, «Мой О!» тиркемесиндеги каттоодон өтүшүңүз керек. Google Play же App Store платформаларынан тиркемени жүктөңүз.  «Тарифтер» менюсуна киресиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз. «Мугалим үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруңуз. Тиешелүү текшерүүдөн өткөргөндөн кийин – тариф бир күндүн ичинде катталуу жүргүзгөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.

Эгер мурун каттоодон өткөн болсоңуз, анда болгону *155*82# буйрутмасын териңиз.

Наркы бардык салыктарды эсепке алынып көрсөтүлгөн. Тарифтер жана кызматтар тууралуу толук маалыматты сиз o.kg сайтынан табасыз.

Жеткиликтүү санариптик чөйрөнү калыптандыруу — санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатка толугу менен шайкеш келген О! Мобилдик операторунун негизги максаттарынын бири. Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернетинин жеткиликтүүлүгү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде алдыңкы позицияда турат. О! Мобилдик операторунун 4G мобилдик интернети менен өлкөнүн калкынын 99%ынан көбү жашаган алыс жайгашкан миңдеген калктуу пункттарын дагы камтыйт.

О! Мобилдик оператору – БИРГЕ ОКУЙБУЗ!


Тизмеге кайтуу