Үйүндө иштеп жаткан кызматкер COVID-19 менен ооруп калды. «НУР Телекомдун» пикири

27.05.2020

«НУР Телеком» компаниясы аралыктан иштеп жаткан компаниянын бир кызматкеринде COVID-19 коронавирустук инфекциясынын табылгандыгын билдирет.

Т.Н. аттуу кызматкер абоненттерди аралыктан каттоо жана сатууларды техникалык коштоо (маалымат кызматкерге келет жаан электрондук түрдө иштелип чыгат) менен алектенген бөлүмдө эмгектенет. Бул кызматкердин иши сатуу жана тейлөө кеңселеринде абоненттерди тейлөө жана кардарлар менен түздөн-түз байланышта болуу менен тиешелүү эмес. «НУР Телеком» компаниясы 23-марттан тартып оорунун белгилери аныкталганга чейин Т.Н. аттуу кызматкер үйүндө аралыктан иштеп жаткандыгын жана компаниянын башка кызматкерлерин менен эч кандай контактта болбогондугун расмий түрдө билдирет. Бирок, тилекке каршы, ал ооруну үйүнөн Аламүдүн сотунда иштеген тууганы аркылуу жуктуруп алган. Т.Н. аттуу кызматкерибиздин ооруну жуктуруп алганы тастыкталгандан кийин дагы Компания кошумча текшерүү ишин жүргүздү, анын жүрүшүндө ооруп калган кызматкер компаниянын башка кызматкерлери менен контактта болбогондугу аныкталды. Учурда кызматкер Бишкек шаарынын жугуштуу оорулар ооруканасында тиешелүү дарылануудан өтүп жатат.

Өзгөчө абал киргизилген биринчи күндөн тартып «НУР Телеком» Компаниясы кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгүн аралыктан иштөөгө которгондугун баса белгилеп кетсе болот. Иштеп жаткан сатуу жана тейлөө кеңселери абоненттердин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык талаптарына ылайык антисептиктер, беткаптар сыяктуу жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган, мындан тышкары, имараттардын ичи үзгүлтүксүз дезинфекцияланып, кызматкерлердин дене табы текшерилип, кардарларга аралыкты сактоо керектигин эскерткен маалымат баракчалары даярдалган.

Тилекке каршы, эч ким бул ооруну 100% жуктуруп албайм деп кепилдик бере албайт, буга байланыштуу, дагы бир жолу элибизди инфекциядан коргонуу боюнча бардык чараларды кынтыксыз аткарууга чакырабыз. Эң негизги чаралар социалдык дистанция жана колдордун гигиенасы болуп саналат.


Тизмеге кайтуу