Европа лигасынын жана Чемпиондор лигасынын финалдык матчтарын O!TVдан кѳрүӊүз

26.05.2021

O!TV тиркемесин жүктѳӊүз, Q Sport Arena телеканалын күйгүзүп, Европа лигасы менен Чемпиондор лигасынын чечүүчү футбол матчтарын түз эфирден кѳрүӊүз!

Убактысын сактап жана эске тутуп калыӊыз:

1. УЕФА-2021 Европа лигасынын финалында «Манчестер Юнайтед» менен «Вильярреал» беттешет. Финалдык матч «Гданьск» стадионунда ѳтѳт. Матчтан түз эфир O!TVдагы QSport Arena телеканалында 27-май саат 00:45те (бейшембиге караган түнү) башталат.

2. Чемпиондор лигасынын финалы 30-майда Портунун «Драгау» стадионунда ѳтѳт. Трофей үчүн англиялык «Манчестер Сити» жана «Челси» клубдары салгылашат. Чемпиондор кубогунун тагдырынын чечилишинен түз алып берүүнү O!TVдагы QSport Arena телеканалынан 30-май саат 00:30да (жекшембиге караган түнү) кѳрѳ аласыз.

Чечүүчү матчтарды жүз миллиондогон күйѳрман кѳрѳт. Сиз да алардын катарына кошулуӊуз:

· https://o.kg/l/otv/ шилтемеси аркылуу O!TV тиркемесин жүктѳӊүз;

· *750*3# буйрутмасы менен күнүнѳ болгону 7 сомго «O!TV Премиум» топтомун кошуп алыӊыз;

· QSport Arena телеканалын күйгүзүӊүз.

Матчтарды O!TV тиркемеси аркылуу Smart TV, смартфон жана планшеттен же компьютер жана ноутбуктан түз эфирден кѳрсѳ болот. Эгерде күтүүсүз ишиӊиз чыгып калса, кийинкиге калтырылган кѳрүү функциясы менен түз алып берүүнү кечирээк кѳрүп чыга аласыз. Буга кошумча, бир O!TV аккаунту менен бир учурда үй-бүлѳнүн 3 мүчѳсү 3 башка түзүлүштѳн кѳрѳ алат жана бул үчүн бир эле абоненттик тѳлѳм тѳлѳнѳт. Сиз телевизордон футбол кѳрүп жатканда, үй-бүлѳӊүздүн калган мүчѳлѳрү планшет же смартфондон кино же мультфильм кѳрѳ алганы баарыӊар үчүн абдан ыӊгайлуу.

Финалда сүйүктүү командаӊызды O!TV менен бирге колдоӊуз!


Тизмеге кайтуу