O!Store дүкөндөрүндө Xiaomi смартфондору - баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмсүз бөлүп төлөөгө

03.12.2018

Учурду кармап кал – Xiaomi компаниясынын Кыргызстандагы расмий өнөктөшү - O!Store дүкөндөрүнөн оригиналдуу Xiaomi смартфондору пайдалуу баада сунушталат.

Эч кандай ашык төлөмдөрсүз, пайыздарсыз жана баштапкы төгүмдөрсүз!

  • Пайыздык коюм - 0%
  • Баштапкы төгүм - 0% 
  • Болүп төлөө - 6 ай 
Ондогон түрдүү моделдердин ичинен тандап алыңыз. Мисалы, кубаттуу, кеңири форматтуу Xiaomi Redmi 6A модели сизге айына 1265 сомго турат же жарым жылга күнүгө 40 сомго туура келет. Ал эми жаштардын жакшы көргөн модалуу Xiaomi Mi 8 Lite моделинин баасы айына 2998 сомду же күнүгө дээрлик 100 сомду түзөт.

Бөлүп төлөөнү жолжоболоштуруу үчүн болгону 2 документ керек:

  1. Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);

  2. 3 айга же андан ашык мөөнөткө Айлык акы тууралуу маалымкат (Эгер сиз жеке ишкер болсоңуз, 3 айга жарактуу патент көрсөтүү керек).

Бөлүп төлөө DOS CREDOBANK өнөктөш банкы менен Кыргызстан боюнча бардык O!Store кеңселеринде жолжоболоштурулат. 

Кененирээк маалыматты O!Store консультанттарынан, 0705 007 000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан алса болот.

Азыр ал – кийин төлө.


Тизмеге кайтуу