«Келишим боюнча смартфон» – өз түгөйүңүзгө кыялды тартуулаңыз!

09.02.2017

Алдыңкы дүйнөлүк бренддеринен смартфондордун эң популярдуу моделдерин эми банкка барууга жана документтерди тажатма жол-жоболоштурууга убакыт коротпостон, келишим менен сатып алууга болот. Кыргызстандыктарга мындай сонун мүмкүнчүлүктү О! мобилдик оператору сунуш кылды. Ай сайын төлөм түз эле кардардын балансынан алынып турат жана ага смартфондун активдүү колдонуучусуна керектүүнүн баары бар арзан тариф кошулган.

О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко төмөнкүдөй белгиледи: «Бүткүл дүйнө жүзү боюнча мобилдик операторлорго туташтырылган смартфондор келишим боюнча сатылып жатат. Бул ыңгайлуу да жана арзан да, себеби дароо жаңы телефон жана сапаттуу байланыш аласыз. Жылдагы эң романтикалуу күндүн алдында кыргызстандыктарда келишим боюнча смартфонду чалуулардын, SMS жана интернеттин топтому менен чогуу сатып алууга сонун мүмкүндүктөрү бар.  O!Store-го келиңиздер жана сиздин сүйүктүүңөргө татыктуу болгон белекти тандаңыздар».

Мобилдик түзүлүштүн баасын акырындан 12 айдын ичинде төлөөгө болот. Бул жерде ай сайын төлөм автоматтык түрдө мобилдик эсептен алынып турат. Мисалы, Huawei Y3 II сатып алганда, ай сайын төлөмдүн өлчөмү болгону 650 сомду түзөт.

 Смартфонду келишим боюнча O!Store дүкөндөрүнөн «ЦУМ» СҮ – 1-кабат, «Бишкек Парк» СКБ –  M1 кабат,  VefaCenter СБ – 1-кабат,   Юнусалиев көч, 177/1 ( BetaStores-2 СҮ) жана   Ош шаарында   Курманжан Датка көч, 256 А даректери боюнча сатып  алыңыздар. 


Тизмеге кайтуу