Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE: О! Мобилдик оператору түйүндү пландуу кеңейтүү ишин жүргүздү

26.06.2020

Коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу кыйынчылыктарга, чек аралардын жабык экендигине карабастан О! Мобилдик оператору түйүндүн өнүгүүсүнө инвестиция тартууну улантууда, ал эми техникалык адистер – О! операторунун 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу менен сыйымдуулугун көбөйтүү багытындагы пландуу иштерин жүргүзүүдө. Июнь айында төмөнкү калктуу пункттардын тургундары байланыш сапатынын жакшыргандыгын байкай алышты:

  • Чүй облусу: Аламүдүн, Самансур, Карл Маркс атындагы айылдар, «Манас» аэропортунун аймагы, ошондой эле «Акыл-Ордо» жаңы конушу;

  • Ысык-Көл облусу: Каракол, Балыкчы шаарлары, Кош-Көл, Пионер, Жергез, Орлиное, Тамга, Кичи-Жаргылчак, Кызыл-Суу айылдары;

  • Талас облусу: Арашан айылы;

  • Нарын облусу: Байзак айылы;

  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Кара-Көл шаарлары, Арсланбоб, Пригородный, Чеке-Дөбө, Казарман айылдары;

  • Ош облусу: Ош, Ноокат шаарлары жана Тогуз-Булак, Кара-Сөгөт, Борбаш, Нарай, Араван, Ош, Шарк, Араван айылдары.

О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко абоненттердин активдүүлүгүнүн «карантиндик» өсүүсү жыл сайын 2 эсе өсүп туруучу интернет-трафиктин фонунда жүрүп жаткандыгын белгиледи. Бул колдонуучулардын жогорку тактыктагы «оор» видеолорго кызыгууларынын пайда болуусунан, LTE мобилдик түйүндөрүнүн өнүгүп жаткандыгынан жана жалпысынан санариптик көндүмдөрдүн өзгөрүүсүнөн болуп жатат.

Жаңы «Переходи на О!» линейкасы менен «СУПЕРХАЙП + YouTube» акциясы иштегенге, квалификациясын жогорулатканга, көңүл ачууларга жана жөн гана баарлашуугу мурункудан да көбүрөөк интернет керек болгон абоненттердин жаңы керектөөлөрү менен жашоо образын эске алуу аркылуу иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндө О! Мобилдик операторунун 4G LTE-интернетинин ишенимдүү камтыган аймагында Кыргызстандын 97%ынан ашуун тургундар жашайт. О! түйүнүнүн камтуу картасы менен О! түйүнүнүн өнүгүүсү тууралуу жаңылыктар  www.o.kg сайтында жайгаштырылган.


Тизмеге кайтуу