«О!Касса» ККМ-онлайнды бизнес үчүн жаңы стандарттар боюнча каттаңыз

09.09.2022

Кыргыз Республикасынын уюмдары менен ишкерлеринин маалыматтардын кассадан Мамлекеттик салык кызматына (МСК) онлайн режимде өтүүсүн камсыздоочу жаңы үлгүдөгү контролдук-кассалык машиналарга (ККМ) өтүүсү зарыл. МСКнын талабына ылайык, сооданын баары ККМдин жардамы менен жүргүзүлүүгө тийиш, ал эми мындай түзүлүш болбогон учурда административдик айыппулдар каралган. 

Ишкерлердин ыңгайлуулугун жогорулатуу жана МСКнын бардык техникалык талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында «НУР Телеком» ЖЧКсынын Техникалык тейлөө борбору (ТТБ) тарабынан инновациялык сервис иштелип чыкты.

«О!Касса» –  бул фискалдык модулга ээ программалык ККМ. Тиркеме кадимки кассалык аппараттын бардык функцияларын жаңы стандарттарды эске алуу менен гана аткарбастан, көптөгөн артыкчылыктарга да ээ:

  • Бардык түзүлүштөрдөн: ноутбуктан, планшеттен же смартфондон колдонуу;

  • Сатуулар, товарлар, нөөмөттөр жана кассирлер боюнча толук статистика жеткиликтүү;

  • Сатууларды дүйнөнүн бардык бурчунан смартфон аркылуу башкаруу, кызматкерлердин ишин, сатууларды, нөөмөттөрдүн графигин, кассадагы каражаттарды, кайтарууларды жана башкаларды көзөмөлдөп туруу мүмкүн;

  • Кардарлар менен эсептешүүдө накталай акчаларды, банк карталарын жана «О!Деньги» сервиси аркылуу электрондук акчаларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар;

  • Электрондук чекти кардардын почтасына, мессенджерине жиберүүгө, же болбосо басып чыгарууга болот.

«О!Касса» жөнөкөй жана түшүнүктүү интерфейске ээ. Бул - бизнестин бардык түрү: кийим-кече, азык-түлүк, тиричилик техникасын саткан дүкөндөр, соода борборлорундагы павильондор, киосктор, минимаркеттер, куюп сатма суусундуктардын дүкөндөрү, билеттерди саткан агенттиктер, курьердик кызматтар ж.б. үчүн жөнөкөй, ишенимдүү, пайдалуу жана ыңгайлуу чечим боло алат.

24/7 колдоо

Сизге баарын түшүндүрүп, кеңеш бере турган адистер күнү-түнү кызмат көрсөтүшөт.

100дөн ашуун тейлөө кеңсеси

«НУР Телеком» ТТБ кызматтары Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында 110дон ашык филиалы бар O!Store ири соода тармагында көрсөтүлөт. Даректер менен o.kg сайтынан таанышып чыгууга болот.

Жылдын аягына чейин акысыз тейлөө!

Тейлөө келишимин азыр жолжоболоштуруу менен Сиз «О!Касса» тиркемесин 2022-жылдын 31-декабрына чейин акысыз колдоно аласыз. Келишимди жолжоболоштуруу боюнча кызмат – бир жолу көрсөтүлөт жана салыктардын баарын эске алуу менен болгону 150 сомду түзөт.

Сервисти кантип колдоно баштаса болот?

  • Каалаган O!Store дүкөнүнөн келишим түзүңүз,

  • «О!Касса» тиркемесин көчүрүңүз,

  • Керектүү документтердин тизмеси жана толук маалымат менен kkm.o.kg шилтемесинен тааныша аласыз.

«О!Касса» ПККМ ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын реестрине киргизилген.

«НУР Телеком» ЖЧК КР Каржы министрлигине караштуу МСКнын Техникалык тейлөө борборлорунун расмий реестрине киргизилген.

Электрондук почтанын дареги kkm@nurtelecom.kg. Күнү-түнү байланышуу үчүн телефондун номери 0501 78 00 78 жана *7878 (О! түйүнүнүн абоненттери үчүн).


Тизмеге кайтуу