O!Store дүкөндөрүндө бөлүп төлөө: эң сонун смартфон – бул жерде жана азыр

30.03.2022

O!Store бөлүп төлөөнүн үч ыңгайлуу вариантын сунуштайт: 3, 6 же 9 айга.

Сиз жаңы смартфонго ээ болосуз, ал эми бөлүп төлөө болсо, дароо ири сумманы төлөбөстөн, сумманы ыңгайлуу төлөө мөөнөттөрү менен жайлуу төлөмдөргө бөлүп алууга болот.

O!Store дүкөндөрүндө бөлүп төлөөнүн башкы артыкчылыгы пайыздарсыз жана баштапкы төгүмсүз таризделгендигинде жатат.

Жаңы смартфонду бөлүп төлөөгө сатып алуу канча боло тургандыгын чыныгы мисалдарда эсептеп көрөлү: мисалы, Samsung Galaxy S20+ флагманынын толук баасы 77 990 сомду түзөт, алэми бөлүп төлөөгө минималдуу түрдө – 9219 сомду түзөт. Эгер сизге бюджеттик модель керек боло турган болсо, Xiaomi Redmi 9 моделине көңүлүңүздү бурабыз, анткени смартфон үчүн бир жолку 12 100 сомдук төлөмдүн ордуна айлык минималдуу төлөм айына болгону 1 430 сомду төлөсө болот.

2 гана документ керек: 

  • Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жеринен маалымкатты алып келүү керек);

  • Кирешеси тууралуу маалымкат (үчөөнөн бирөө):

  1. Эмгек келишими менен иштеген кызматкерлер үчүн айлык акы тууралуу маалымкат;

  2. Жеке ишкерлер үчүн акыркы 3 айга узартылган жарактуу патент (түп нускасы жана патентке төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк);

  3. Мал чарба ээлери үчүн айыл өкмөтүнөн малы/жер үлүшү бар экендигин тастыктаган маалымкат.

Кааласаңыз – бөлүп төлөөнү онлайн тариздеп алыңыз. Онлайн-төлөмдү толтуруңуз жана банктын макулдугун күтүү менен өзүңүздүн жапжаңы смартфонуңузду алып кетиңиз. 

Сонун смартфондор баарына жеткиликтүү! 

«Бөлүп төлөө 009» бөлүп төлөөсү 2022-жылдын 30-июнуна чейин жүрөт. Моделдин баасы жана бар экендиги тууралуу толук маалыматты www.ostore.kg сайтынан же 0705 007 000 номеринен тактап алса болот. 

Кредит менен бөлүп төлөө «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк себептерин түшүндүрбөстөн кредитти берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КРУБ лицензиясы: №037.

 


Тизмеге кайтуу