«Чексиз 4G» кызматын 3 айга кошуп, 4G Wi-Fi роутерди болгону 1 сомго сатып алыңыздар

26.02.2016

О! мобилдик оператору атайын жаңы акция - 4G Wi-Fi роутерди болгону 1 сомго сатып алуу жөнүндө маалымдайт. Акциянын чегинде «Чексиз 4G» кызматын 3 айга кошкондо, 4G-түзүлүштү бир аз гана баага сатып алса болот.

«Биз болушунча көп адам жогорку ылдамдыктагы чексиз 4G интернетин каалаган жерде пайдалана ала тургандай кылып, кыргызстандыктарга 4G-түзүлүштөрдү сатып алууга ушундай пайдалуу шарттарды сунуштап жатабыз. 4G көтөрө алган түзүлүштөргө суроо-талап төртүнчү муундагы түйүн кызматтарынын жеткиликтүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды экендигин белгилемекчимин. Жыл башынан тартып өлкө боюнча түйүндү масштабдуу кеңейтүү жүргүзүп жатабыз. Кыргызстандын жашоочулары аз акчага функционалдуу түзүлүштөрдү сатып алышы үчүн 4G-гаджеттерге бир нече акция жүргүзүп жатабыз. Жакында эле «Чексиз 4G» кызматын 2 айга кошкондо, 4G Wi-Fi Wingle-ди 1 сомго сатып алуу менен үнөмдөө мүмкүн болгон акция башталгандыгын эске салабыз. Девайстар биздин shop.o.kg интернет-дүкөнүбүздөн улам мурункудан да жеткиликтүү болуп калды. Анткени сатып алуучулар эч жакка барбастан, сатып ала турганын тандап, дарегин көрсөтүшсө эле жетиштүү. Курьер түзүлүштү бир сааттын ичинде жеткирет!», - деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.

Бул түзүлүштүн негизги артыктылыгы болуп колдонууда жөнөкөйлүк жана Wi-Fi-дын жардамы аркылуу бир убакта бир нече түзүлүшкө 4G интернет таратуу мүмкүндүгү. Иштөө үчүн атайын программалык камсыздоолорду орнотуу талап кылынбайт, болгону SIM-картаны гаджеттин ажырымына салыш керек. Интернет тармагына кошулуу жана Wi-Fi таратуу автоматтык түрдө жүрөт.

90 күнгө «Чексиз 4G» кызматын активдештирүү баасы - 4 170 сом.

Акция  Бишкек ш., Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын, ошондой эле Кара-Көл жана Токтогул шаарларынын аймактарында жүрүп жатат.

Акция боюнча түзүлүштөрдү О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же Бишкек ш. боюнча акысыз жеткирүүчү shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот. Акциянын кенен шарттары боюнча компаниянын www.o.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!


Тизмеге кайтуу