«Мой О!» тиркемеси Кыргызстанда эң популярдуу болуп калды – аны 1 миллиондон ашуун жолу жүктөп алышты!

14.04.2020

«Мой О!» мобилдик тиркемеси кыргызстандыктардын арасында эң популярдуу тиркеме болуу менен 1 миллион орнотуу белгисине жетти.

Google Play дүкөнүндө «Мой О!» тиркемеси Whatsapp, Telegram, Zoom жана Instagram мессенжерлеринен да өтүп, биздин өлкөдөгү акысыз тиркемелердин рейтингинин баш сабында туруп калды.

1.png

Колдонуучулар бугүнкү күнү эки клик аркылуу тарифтерди башкарууга, чыгымдарды контролдоого, жакындардын балансына кам көрүүгө, 700дөн ашуун сервистерди онлайн төлөөгө жана онлайн билим алууга мүмкүнчүлүк берген тиркеменин ыңгайлуулугу менен функицоналдуулугун баалай алышты.

«Мой О!» тиркемесин чындыгында ыңгайлуу жана пайдалуу кылган функциялары тууралуу баяндап беребиз.

О! абонентинин жеке кабинети

О! абоненттери үчүн мүнөттөр менен интернеттин калдыгын текшерүү, тарифти алмаштыруу же керектүү кызматтарды кошуп алуу үчүн тиркемени ачуу гана жеткиликтүү болот. Ыңгайлуу детализация номер боюнча бардык чыгымдарды жана окуяларды контролдоого мүмкүнчүлүк берет, ал эми муктаждык болсо чыгымдар тууралуу отчетту майда-чүйдөсүнө чейин изилдөө үчүн электрондук дарекке да алса болот.

2.png  3.png

Мындан тышкары, тиркеме аркылуу өз балансыңызга гана эмес, жакындарыңыздын дагы балансына кам көрүү жеңил. «Менин номерлерим» акысыз кызматы жакындарыңыздын номерлерин башкарууга, алардын балансын байкап турууга жана алардын ар дайым байланышта болуусу үчүн баланстарын убагында толуктоого мүмкүнчүлүк берет.

4.png

Онлайн-окутуу

«Мой О!» тиркемеси дистанциондук окутууда ишенимдүү жардамчы боло алды. Атайын түзүлгөн «Мектеп» бөлүмү бардык окуучуларга КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин окутуучу материалдарына толугу менен кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Окуу материалдарын нөлдүк баланста да пайдаланса болот, анткени тиркемедеги интернет-трафик толугу менен акысыз! Окуучунун, студенттин же мугалимдин башкы беттеги атайын тарифти кошуп алуусу материалдарга кирүү үчүн жеткиликтүү.

5.png

700дөн ашуун сервистерди онлайн төлөө

Тиркемедеги «О!Деньги» капчыгынын жардамы менен онлайн-төлөмдөрдү дароо жана үйдөн чыкпай туруп жүргүзсө болот. Азыркы учурда каталогдо 450дөн ашуун кызматтар бар, анын ичинде бардык аймактардын коммуналдык кызматтары, мобилдик байланыш, тамак-аш жеткирүү кызматтары, онлайн-оюндар жайгашкан жана бул тизме толукталууда.

Мындан тышкары, онлайн төлөмдөр «Глобус», «Народный» дүкөндөрүнүн тармагы, Red Petroleum май куючу жайларынын тармагы, кофейнялар, магазидеры жана конок үйлөр менен бирге 250 төлөм кабыл алуу жайларында да жеткиликтүү.

6.png

Автосүйүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиркемеде ЖКЭ бузуулар үчүн айыппулдарды текшерүү жана төлөө ишке ашырылган. Кызмат 8ге чейин автоунааны кошууга, жаңы айыппулдар жөнүндө СМС алууга, бузуулардын сүрөттөрүн жана майда-чүйдөлөрүн көрүүгө жана камералардан, ошондой эле колго жазылган айыппулдарды ыңгайлуу төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Банктык карталар менен төлөө жана «Элкарт» карталарын толуктоо

«О!Деньги» капчыгына бардык банктардын «Элкарт», Visa, Mastercard банктык карталарын кошуп алууга болот. Бул төлөм терминалын издөө муктаждыгынан бошотот, анткени керек учурда дароо картадан төлөөнү жүргүзүү же капчыктын балансын толуктоо мүмкүн.

Ошондой эле капчыктын колдонуучуларына «Элкарт» улуттук төлөм тутумунун карталарын толуктоо жеткиликтүү. Бул өзгөчө жакындарыңдын картасына акча которуу же капчыктын каражаттарын накталай акчага айлантуу муктаждыгы болгон учурда абдан ыңгайлуу.

Электрондук маршруттук баракча 

Кыймыл-аракетке киргизилген чектөөлөргө байланыштуу, тиркемеде маршруттук баракчаларды электрондук форматта толтуруу жана колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул ар жолу документти принтерден чыгаруу же колдон толтуруу муктаждыгынан бошотот.   Текшерүү учурунда маршруттук баракчаны кайгуул кызматкерине смартфондон эле көрсөтсө жетиштүү болот.

7.png

Мамлекеттик кызматкерлер онлайн-форматта

«Мамкызматтар» бөлүмү кыргызстандыктарга үйдөн чыкпай туруп ондогон пайдалуу кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, Carcheck сервисинин жардамы менен автоунааны текшерүү, транспорт үчүн салыктын суммасын алуу, аттестаттардын жана дипломдордун асыл нускасы болгондугун текшерүү жана башка көптөгөн нерселер.

Тиркеменин ушундай көп функционалдуу болушу жана колдонуучулардын ишенимине ээ болуусу үчүн чоң иштер аткарылды. «Мой О!» командасы бул жетишкендиктер менен эле токтоп калбайт: 

«Биз тиркемебизди мурдагыдан да пайдалуураак кылууга, ал эми абоненттердин турмушу жеңил жана мобилдүү болуусу үчүн жаңы функциялар менен керектүү кызматтардын үстүндө активдүү иштөөнү улантуудабыз. Биз колдонуучуларыбызга ишеними, ал эми өнөктөштөрүбүзгө кызматташуусу үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз! «Мой О!» тиркемесин тандаганыңыз үчүн ыракмат, – деп белгиледи О! өнүмдөрү боюнча директор Юрий Челбаков.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817


Тизмеге кайтуу