O!Store түйүнүндө майрамдык АРЗАНДАТУУЛАР жана АКЦИЯЛАР

12.10.2018

Баткен облусундагы акция

O!Store дүкөндөр тармагы кош майрамды – өзүнүн туулган күнү менен Баткен облусунун туулган күнүн өзгөчө майрамдоону чечти. 

Бул кубанычтуу майрамга байланыштуу, Баткен облусундагы O!Store дүкөнү бардык кардарларын өзүнө чакырат да, 50% АРЗАНДАТУУЛАРДЫ тартуулайт!

Бул Акциянын алкагында каалаган смартфонду сатып алган учурда мобилдик аксессуарды эки эсе арзан сатып алууга болот. Смартфондор накталай акчага же баштапкы төлөмсүз насыяга жолжоболоштуруу менен сатылат. Мындан тышкары, премиум категориясындагы каалаган кооз номерди дагы 50% арзандатуу менен сатып алса болот. Шашылыңыздар, бул Акция болгону бир жумага – 13-октябрдан 21-октябрга чейин уланат. 

Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана Чүй облусунун Александровка айылындагы Акция

14-октябрда гана, ушул жекшемби күнү гана! О! Мобилдик операторунун атынан жеке белекти Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Чүй облусунун Александровка айылынын тургундары ала алышат.
Болгону 1 сомго эки симкалуу Jinga телефону, акысыз SIM-карта жана акысыз байланыш белекке!

Символикалуу баага телефонду белекке алган соң, Акциянын катышуучусу төмөнкүлөргө да ээ болот: 

  • Бир ай чексиз мобилдик интернет жана О! түйүнүндө акысыз байланыш;

  • О! түйүнүндөгү премиум категориясындагы каалаган 50% АРЗАНДАТУУ менен тандоо мүмкүнчүлүгү!

Белекти алуу үчүн өзүнүн Beeline же MegaCom мобилдик операторунун коду менен номеринен 0702 702 702 номерине чалуу керек жана тутумдун оң жообун алуу абзел. Телефонду символикалуу баага 1 сомго алуу үчүн бир гана шартты аткаруу керек – балансты бир жолку төлөм менен 500 же андан ашык сомго толуктоо зарыл.

Абонент О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылганда ким экендигин тастыктаган документинин (паспорт, айдоочу күбөлүгү же аскердик билет) болуусу шарт.

Бул Акция жүрүп жаткан O!Store дүкөндөрүнүн даректери:

  • Чүй облусу –Александровка айылы;

  • Жалал-Абад облусу - Ала-Бука а., Кара-Көл ш., Кербен ш., Майлы-Суу ш., Таш-Көмүр ш., Шамалдысай штк, Базар-Коргон а., Кочкор-Ата ш., Массы-Ноокен а., Сузак а.;

  • Ош облусу- Араван ш., Гүлчө а., Кара-Кулжа а., Куршаб а., Ноокат ш., Өзгөн ш..

 

 


Тизмеге кайтуу