Өз номериңдин копиясын O!Store дүкөндөрүнөн акысыз ал!

13.12.2019

Бүгүнкү күндөн баштап бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринде жана O!Store дүкөндөрүндө жаңы 504 коду менен жүз миңдеген комбинациядан бардык табитке туура келген номерди тандап алса болот.

Окшош номерлерди бир жолу көрүп же угар менен жаттап алуу оңой. Бирдей номерлер – бири-бирине ашык жуптарга же бизнес жүргүзгөндөр үчүн абдан маанилүү.

Сиз каалаган номер бош экендигин билип алыңыз.

Муну «Менин жаңы номерим» кызматынын алкагында *212*0ХХХхххххх# буйрутмасын терүү менен акысыз билип алууга болот.

Сиз башка түйүндүн абонентисиз, бирок О! түйүнүнөн да ушундай номерге ээ болгуңуз келет.

Сиздин колдонуп жаткан номериңиздин копиясынын бош экендигин билүү үчүн «Кош келиңиздер!» кызматын пайдаланыңыз. Болгону 0500 000 500 номерине чалыңыз жана номериңизди алып кетүү үчүн каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңсесинин бирине же O!Store дүкөнүнө келиңиз.

Күмүш бонус!

Silver категориясындагы номерди сатып алууну каалагандар үчүн «Кош келиңиздер!» кызматынын алкагында 100%-АРЗАНДАТУУ жарыяланат.

Эгер сиздин номериңиз VIP категориясында болсо, анын баасы арзандатуу менен 3000 сомду түзөт; эгер сиздин номер Gold категориясынан болсо, анда бардык салыктарды эске алуу менен анын баасы 900 сомду түзөт. Бардык категориялардагы номерлердин учурдагы баасы менен o.kg сайтынан таанышса болот.

Сиз номерлердин эң кооз жана сейрек комбинацияларын онлайн-аукциондун vipnomer.o.kg сайтынан таба аласыз.


Тизмеге кайтуу