О!дон “Мобилдик жазылуу” кызматы менен күн сайын пайдалуу маалымат

05.08.2016

О! мобилдик оператору “Мобилдик жазылуу” кызматын ишке киргизгендиги жөнүндө маалымдайт, анын жардамы менен абоненттер жаңылыктарды, аба-ырайы, валюта курсу, анекдоттор, гороскоп жана башка маалыматтык-көңүл ачуучу контентти күн сайын алып турууга жазыла алышат.

Кызматты колдонуу үчүн *779# буйрутмасын терип, менюдагы нускамаларды аткаруу керек, анда керектүү тематикага жазылууну активдештирүү сунушталат.

Кызматты кошкондон кийин күн сайын   7:00 дөн 21:00 чейин абонент 7779 кыска номеринен тандалган контент боюнча SMS алып турат.

Биринчи жолу кошкондо алгачкы үч күндө абоненттик төлөм алынбайт, андан кийин күнүмдүк абоненттик төлөм 0,99 сомду түзөт (КНС эске алып, СС кошпогондо).

«Мобилдик жазылуу» маалыматтык-көнүл ачуучу кызматынын бөлүмдөрүнүн тизмесин www.o.kg сайтынан табууга болот.


Тизмеге кайтуу