Мыкты фильмди тандоого жардам беребиз

11.01.2019

Жаңы жылдык майрамдарда O!TV сервиси абдан активдүүлүгүн көрсөттү. Өлкөбүздө толук бир апта эс алуу болду, ал эми достор менен жолугушуулар жана үй-бүлөлүк майрамдар эреже катары фильмдерди көрмөйүнчө аяктабайт эмеспи. Ошондой болсо да, «кино көрүү» - эс алуунун жыл бою колдонулуучу сүйүктүү түрү болгондуктан, өзүңөргө бул макаланы сактап койгула, анткени бул тема ар дайым актуалдуу бойдон калат!

O!TV сервиси сизге жагымдуу кеч үчүн мыкты фильмди тандоонун ТОП-5 ишенимдүү ыкмасын сунуштайт.

Биринчи катарда, мыкты сапаттагы 40 миңге жакын контенти болгон «О!Кино» каталогунан пайдаланыңыз. Эгер киши 3 жашынан баштап күн сайын мультиктерди көрө баштап, андан ары күн сайын бирден фильмди көрсө, анда сексен жашка чейин болгону 28 105 тасма гана көргөнгө жетишет экен. А бирок жыл сайын жаңы тасмалар тартылып жатат жана О!Кино каталогу дайыма толукталууда! Ага жазылууну жолжоболоштуруңуз да, кошумча кино каталогуна кириңиз: кинохиттер, комедиялар, триллерлер, боевиктер, популярдуу сериалдар, драмалар жана мелодрамалар, ар бир курак үчүн мульфтильмдер. O!TV тиркемеси сизди тажатма жарнамадан куткарат жана фильмдерди планшет болобу, же смартфон болобу бардык түзүлүштө көрүүгө шарт түзөт.

Ошентип, фильмдерди издөөгө өтөбүз:

  1. Жанр боюнча. «О!Кино» каталогунда жанр боюнча фильмдерди оңой эле табууга болот – 11 жанр бар. Алар - «Үй-бүлөлүк», «Комедиялар», «Спорттук», «Фантастика», «Мюзиклдер», «Коркунучтуу фильмдер» жана башка. 

  2. «Сунушталгандар» бөлүмүнө басабыз– сунуштар тутуму кийинки фильмди, сериалды же шоуну тандоого көмөкчү болот.

  3. Кошулган күнүнө карата – О!Кино каталогу жаңы фильмдер менен дайыма толукталып турат. Бул бөлүмдө сиз эң жаңы кинотасмалардан баштап, каталогго кошулган тартиби боюнча бардык фильмдердин тизмесин көрө аласыз.

  4. Популярдуулугу боюнча – бул бөлүмдө эң көп көрүлүп жаткан фильмдер топтолгон. Салт боюнча жаңы жылдык тематика боюнча тасмалар азыр популярдуу болуп турат. Муну көрүү үчүн «популярдуу» бөлүмүн бассаңыз жетиштүү болот. Ал жерден сиз майрамдык маанай тартуулай турган фильмдерди таба аласыз.

  5. Фильмдин толук атын билбей туруп, бир гана сөзүн эсетеп калсаңыз дагы издеген тасманы табууга болот. Ынгайлуу издөө сизге жардамга келет. Мисалы, издөө терезесине «жарыш» деген сөздү киргизебиз, сунушталган варианттардын ичинен өзүбүзгө керектүүсүн табабыз, вуаля – «Аябагандай катуу жарыштар».

Фильмдерди O!TV сервисинин алкагында сунушталган ондогон фильм каналдарынан дагы тапсаңыз болот. Эгер сиз жана сиздин досторуңуз меломан болсоңуздар , анда сиздерге концерттердин LIVE-көрсөтүүлөрү сунушталат, эгер спорттун күйөрманы болсоңуздар, спорттук окуялардын эфирлерин 140 ТВ-каналына бирге көрө аласыздар.

Көп миңдген каталогдун ичинен начар уккан телекөрүүчүлөр үчүн сурдо котормо (жаңсоолор менен), ал эми көрүүлөрү начарлар үчүн тифлокомментарийлер (видеокатарды сөз менен кадр аркасында баяндоо) менен коштолгон фильмдердин жана көрсөтүүлөрдүн бар экендиги абдан маанилүү. 

«О!Кино» менен фильмдерди iOS же Android үчүн O!TV  тиркемесинин кошумча бөлүмүнөн да көрүүгө болот.

Акысыз O!TV тиркемесин дароо азыр жүктөп алыңыз да, мыкты сапаттагы миңдеген фильмдерди акысыз көрүңүз! Видеоконтентти көрүп жатканда О! абоненттеринин трафиги тарифтештирилбейт.

 


Тизмеге кайтуу