Жаңы үлгүдөгү «О!Касса» ККМ кошуп, 31-мартка чейин акысыз колдонуңуз

06.02.2023

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) менен жакын кызматташтык ичинде бардык стандарттарга ылайык иштелип чыккан «О!Касса» мобилдик онлайн-кассасын кошуп алыңыз.

МСКнын талабы боюнча, Кыргыз Республикасынын уюмдары менен ишкерлери 2023-жылдын 1-мартына чейин жаңы үлгүдөгү контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга өтүүсү зарыл.

«О!Касса» программалык ККМ – бул кассалык операциялардын баары: сатуу, кайтаруу, нөөмөттү ачуу жана жабуу, акча каражаттарын берүү жана салуу, аралык жыйынтыктар жана башка иш-аракеттер талаптагыдай иштеген тиркеме. «О!Касса» сервисин планшеттен, ноутбуктан же смартфондон колдонууга болот.

  • Кардарлар менен эсептешүүдө накталай акчаларды, банк карталарын жана «О!Деньги» сервиси аркылуу электрондук акчаларды алуу мүмкүндүгү бар;

  • Электрондук чекти кардардын почтасына, мессенджерине жиберүүгө же чыгарып берүүгө болот.

Азыр келишим түзүү менен «О!Касса» тиркемесин 2023-жылдын 31-мартына чейин акысыз колдоно аласыз.

Эмнеден баштоо керек?

  1. O!Store дүкөндөрүнүн биринен келишим түзүңүз;

  2. «О!Касса» тиркемесин көчүрүп алыңыз;

  3. Документтердин тизмеси жана кененирээк маалымат менен kkm.o.kg сайтынан таанышып чыгыңыз.

«О!Касса» инновациялык сервиси – натыйжалуу, ыңгайлуу жана пайдалуу чечим.

КР МТБМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК: №16-0062-КР, №16-0063-КР

 


Тизмеге кайтуу