«Premium О!го которул» тарифине кошулуңуз жана жогорку ылдамдыктагы 100 Гб 4G-интернетин белекке алыңыз!

25.03.2016

О! мобилдик оператору «О!го которул»  тарифтеринин катарын кеңейтип жатат жана жаңы «Premium О!го которул» тарифин колдонууга  киргизди. Бул сунуштун негизинде, кыргызстандыктар чексиз 4G интернетин  колдонуп, О! түйүнүндө да, өлкөнүн башка мобилдик операторлорунун номерлерине да акысыз чала алышат.

 «Premium О!го которул» тарифинде өлкөнүн башка түйүндөрүнө чалуу үчүн 60 мүнөт жана чексиз интернет каралган. Мындан тышкары, сунуштун чегинде О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS-билдирүүлөр берилет. Ал эми тарифтик планга кошулганда жогорку ылдамдыктагы 100 Гб интернет-трафик бонус түрүндө берилет.

 «О! мобилдик оператору абоненттерди чексиз баарлашуу  үчүн жаңы сунуштар менен сүйүндүрүүнү улантып жатат жана смартфондорду колдонуучуларга “Premium О!го которул” жаңы ыңгайлуу тарифин сунуш кылат. Биз тарифтин бардык керектүү мүнөздөмөлөрүн: башка түйүндөргө чалуулар, чексиз интернет жана О! түйүн ичинде акысыз баарлашууну бир сунушка батырдык жана жаңы продук алдык, ал өздөрүнө баарлашууда чек коюуну каалабаган абоненттердин муктаждыктарын толугу менен канааттандырат. “Premium О!го которул” «О!го которул» тарифтеринин катарына кирет, ал  смартфондорду  активдүү колдонуучулардын жана   чексиз 4G-интернеттин күйөрмандарынын арасында өтө чоң популярдуулукка ээ. Бул сунушта биз акысыз мүнөттөрдүн санын гана көбөйтпөстөн, жогорку ылдамдыктагы 100 Гб бонустук интернет-трафигин киргиздик. Биз рынокто эң арзан сунуштардын бирин түздүк деп ишенимдүү айта алам”, - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко

“Premium О!го которул” тарифиндеги абоненттик төлөм жумасына 290 сомду түзөт. Учурдагы тарифтик планды “Premium О!го которул” тарифине которуу үчүн *155*99# буйрутмасын терүү керек.

Жаңы тарифтик пландагы SIM-картаны  О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алып же жеткирип берүүчү shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн тапшырык кылса болот.

Тарифтер, кызматтар жана атайын сунунштар жөнүндө кошумча маалыматты компаниянын расмий сайтынан www.o.kg билүүгө болот. 


Тизмеге кайтуу