Башка түйүндөргө чалуулар үчүн мүнөттөрдүн пайдалуу топтомдорун кошуп ал

13.11.2018

Биздин бардык баарлашууларыбыз интернет-мессенжерлерде, скайп же мобилдик телефондор аркылуу жүрөт, ошондуктан дээрлик акысыз баарлашабыз. Мындай мүмкүнчүлүктү жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет берилүүчү «Переходи на О!» же «Сенин нөлүң» линейкасынын бардык тарифтери сунуштайт.

Буга карабастан, кээде байланыш үчүн бир кыйла акчаларды төлөгөн учурлар да болуп калат. Мисалы, сиздин иш өнөктөшүңүздүн башка түйүндөгү номерине ыкчам чалып, кээ бир маселелерди такташыңыз керек. Же сиздин таанышыңыз интернети жок жерге кетти дейли, бирок сиз аны менен сүйлөшө ала тургандан кийин, анын бир нече күндөн кийин келишин күтө албайсыз. Кээде улгайган адамдар өз номерлерин алмаштырууну жана интернетти колдонууну таптакыр каалашпайт. Же... мындай окуялар ого эле көп.

Мындай абалдарга кабылбоо үчүн О! Мобилдик оператору өз абоненттерине пайдалуу жана ыңгайлуу сервистерди сунуштайт. КР башка мобилдик операторлоруна кымбат эмес мүнөттөрдүн топтомдорун кошуп алыңыздар.

Сиз түйүндөн тышкары чалуулардын кадимки баасынан 18% үнөмдөй аласыздар!

  • Мындай топтомдордун ыңгайлуулугу – аларды   зарыл болгон учурда гана кошуп алуу мүмкүнчүлүгүндө;

  • Мүнөттөр бир нече топтомдорду кошкон учурда топтолот.

Башка түйүндөргө чалуулар үчүн мүнөттөр

Баасы

Кошулуу

10 мүнөт

40 сом

*545*10#

20 мүнөт

80 сом

*545*20#

Бул топтомдорду кошуп алуу «Переходи на О!+» жана «Твой ноль» линейкасынын тарифтеринин бардык абоненттерине жеткиликтүү. Мүнөттөрдүн топтомдорунун мөөнөтү – сиздин учурдагы тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдүн аягына чейин. Топтомдордун баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. Жаңы топтомдор тууралуу толук маалымат О! түйүнүнүн расмий сайтында жайгаштырылган.

 


Тизмеге кайтуу