О!го которул жана “Жеңил кадам!” кызматы менен мурунку баарлашуу чөйрөңдү сактап кал

25.12.2017

Эми сизге чалгандардын баарына эски номериңиздин жаңыга алмаштырылгандыгы тууралуу билдире турган "О! жеңил кадам” акысыз кызматы менен О! Мобилдик операторунун түйүнүнө кошулуу абдан эле оңой болуп калды.  

Сиз өлкөдөгү башка операторлордун номерин О! түйүнүнүн жаңы номерине алмаштырсаңыз, бардык жакындарыңыз, досторуңуз менен өнөктөштөрүңүзгө жаңы номериңиз тууралуу чалып же билдирүү таратууга убакыт коротуунун эми кереги жок. “О! жеңил кадам”  кызматын кошоруңуз менен эски номериңизге чалган киши жаңы номериңизди билдирген добуштук билдирүү (IVR) уга алат, ал эми сизге болсо ким чалгандыгы тууралуу SMS-билдирүү келет. Мында жаңы номериңизди баарына билдиресизби, же жөн эле ким чалгандыгы тууралуу маалымат аласызбы, ошого жараша өзүңүз чечим кабыл аласыз.

Жаңы кызматты кошуу үчүн О! түйүнүндөгү жаңы номериңизден *304# буйрутмасын терип, чакырууну басыңыз да нускамага ылайык аракет кылыңыз. Бардык башкаруу буйрутмалары тууралуу www.o.kg сайтынан билсе болот. Кызмат толугу менен акысыз көрсөтүлөт.

«О!го которул» жана өз контакттарыңарды жоготкондон коркпо!


Тизмеге кайтуу