Ошто алтынчы O!Store дүкѳнү ачылды

10.06.2019

О! Мобилдик оператору ѳз кардарларынын максималдуу ыӊгайлуулугу үчүн ѳнүгүү стратегиясынын алкагында жалпы Кыргызстан боюнча дүкѳндѳр тармагын кеӊейтүүдѳ жана республикада 84-филиалдын ачылышы тууралуу билдирет.

Жакында эле Баткен, Ысык-Кѳл областтарында жаӊы дүкѳндѳр, ошондой эле Ош шаарында жаӊы филиал ачылды. Бул - түштүк борбордогу алтынчы O!Store дүкѳнү.

«Биз филиалдык тармакты кеӊейтүү жана тейлѳѳ сапатын жогорулатуу боюнча тутумдуу иш жүргүзүп келебиз. Биз кардарларыбыз үчүн аймактардын бардыгында мобилдик кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн канчалык маанилүү экенин түшүнѳбүз, ошондуктан Кыргызстан боюнча кызмат кѳрсѳтүү жайларынын санын кѳбѳйтүүгѳ аракеттенип жатабыз», – деп түшүндүрѳт дүкѳндүн ачылышын О! сатуу жана тейлѳѳ кеӊселерин ѳнүктүрүү кызматынын жетекчиси Равшан Бакиров.

O!Store – Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, LG, Honor дүйнѳлүк бренддеринин расмий ѳнѳктѳшү. О!Store кеӊеш берүүчүлѳрү сиздин смартфонуӊуздун моделине керектүү бардык нерселерди тандап алууга жана О! Мобилдик операторунан пайдалуу тарифке туташууга жардам беришет. Түйүндүн бардык дүкѳндѳрүндѳ болгондой эле, Оштогу жаӊы O!Store дүкѳнүндѳ дагы каалаган смартфонду банктын үстѳк пайызы жок насыяга алууга мүмкүн жана Сизге тѳмѳнкү документтердин минималдуу топтому керек болот:

1. Паспорт (эгер паспортуӊуз жаӊы үлгүдѳгү биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жерден маалымкат зарыл);

2. Киреше жѳнүндѳ маалымкат (тѳмѳндѳ берилген документтердин бири):

  • Эмгек келишиминин негизинде иштеген кишилер үчүн айлык маянасы тууралуу маалымкат;          

  • Жеке ишкерлер үчүн акыркы 3 ай жана андан ашык мѳѳнѳткѳ жарамдуу патент (патенттин ѳзү жана тѳлѳм аткарылгандыгын тастыкатаган квитанция);

  • Мал чарба фермасына ээ кишилер үчүн малынын бар экендигин ырастаган айыл ѳкмѳтүнүн маалымкаты.

Жаӊы дүкѳндүн дареги: Карасуу кѳчѳсү, 20. Ориентир: «Саид Мухтар» СБ. Иштѳѳ убактысы: 9:00дѳн 19:00гѳ чейин, дем алышсыз. Түшкү танапис 13:00дѳн 14:00гѳ чейин.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

Смартфондун сиз каалаган моделинин бар экендигин 0705 007 000 телефону аркылуу же www.ostore.kg сайтынан билсеңиздер болот. Насыя «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет жана банк насыя берүүдѳн баш тартуу укугуна ээ. «Дос-Кредобанк»  ААК КРУБ №037-лицензиясы.


Тизмеге кайтуу