MegaCom номерлеринен О!түйүнүнүн жаңы 508, 509 коддору менен номерлерине чалуулар ачылды

30.11.2018

Кубанычтуу кабар! О! түйүнүнүн жаңы 508, 509 коддору менен номерлеринин жана MegaCom'дун ортосунда чалуулар ачылгандыгын билдиребиз.

О! Мобилдик оператору декабрь айын күтпөстөн, азыртадан эле жаңы жылдык маанайды түзүүгө жардам берүүнү чечти. Кыска мөөнөттүү Акция учурунда «Кош келиңиздер!» жана «Менин  жаңы номерим» сервистеринин алкагында премиум категориядагы номерлерди 70%га чейинки арзандатуу менен сатып алса болот!

Silver –  305 сом жерине 105 сомго; 
Gold –  3000 сом жерине 900 сомго; 
VIP –  10000 сом жерине 3000 сомго.

Окшош номерлерди алып жүрүү бири-бирине ашык жуптарга же ар бир номерди өзүнчө жаттабаш үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнө гана ыңгайлуу болбостон, кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн бирдей байланыш номерлерди колдонгон бизнеске да абдан керек.

Эгер сиз номериңиздин дал өзүндөй копиясын алууну кааласаңыз, «Кош келиңиздер» кызматынан пайдаланыңыз.  Жөн гана 0 500 000 500 номерине чалыңыз, сиздин номериңиздин копиясы бош экенин билиңиз да, каалаган О! сатуу кеңселеринин бирине же O!Store дүкөнүнө келиңиз.

Бул Акция дагы бир жолу О!ну тандоонун мыкты мүмкүнчүлүгү болуп саналат, мобилдик рыноктун драйвери жана  Кыргызстандагы 4G сыйымдуулугунун лидеринин түйүнүнө жеңил кошулууга шарт түзөт.

Атайын сунуштун мөөнөтү чектелген: 2018-жылдын 15-ноябрынан 31-декабрга чейин.

Сиз номерлердин эң кооз жана сейрек комбинацияларын онлайн-аукциондун vipnomer.o.kg сайтынан таба аласыз.

Номериңизди алгачкылардан болуп алып кетиңиз! 

 


Тизмеге кайтуу