«О!Деньги» аркылуу смартфондон карта менен төлөңүз

13.10.2020

«О!Деньги» капчыгына картаны кошуп алыңыз да, түз смартфондон карта менен төлөңүз.

Муну кантип ишке ашырууну видеонускамада айтып бердик.

Бул функциянын негизги артыкчылыктары:

1. Ыңгайлуу. Кошулган банктык карта төлөм терминалын издөө муктаждыгынан куткарат. Капчыктын балансын керектүү учурда толуктоо, же кызматты картанын эсебинен түз эле төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

2. Оңтойлуу. Тиркемеде карта менен ар дайым акча каражаттарынын булагын тандоо мүмкүнчүлүгү болот: телефондун балансы, электрондук капчык же кошулган карта.

3. Тез. Төлөө үчүн каталогдон кызматты тандоо же кассадан QR-кодду сканирлөө гана керек. Мындан ары ашык акчаны күтүүнүн же картаны кассирге берүүнүн, пин-кодду киргизүүнүн жана чекке кол коюунун кереги жок.

4. Оңой. Капчыкка картаны саналуу мүнөттөрдө кошуп алса болот. «Мой О!» тиркемесин орнотуу, «Менин карталарым» вкладкасын ачуу, картанын маалыматтарын бир гана жолу көрсөтүү жетиштүү жана кызматтарды дароо төлөй баштаса болот.

5. Пайдалуу. «О!Деньги» капчыгы аркылуу «Элкарт» карталары менен төлөө ар дайым комиссиясыз. DemirBank банкынын карталары менен 2020-жылдын 30-сентябрына чейин төлөө дагы комиссиясыз. Ал эми башка банктардын Visa жана Mastercard карталары үчүн комиссия сумманын 1,5%ын түзөт.

6. Коопсуз. Бардык операциялар маалыматтардын коопсуздугунун PCI DSS эл аралык стандарттарына ылайык ишенимдүү корголгон.

«О!Деньги» кызматы «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817


Тизмеге кайтуу