O!TV рейтингдик каналдарынын тизмесин 140ка жеткирди!

15.03.2018

О! мобилдик оператору популярдуу O!TV тиркемесинин телеканалдарынын тизмесине жаңы рейтингдик каналдарды кошуу менен кызматтын бардык пайдалануучулары үчүн жагымдуу сыйбелек даярдады! Топтомдордун баасы мурункудай эле калганы да абдан маанилүү.

Жаңы телеканалдардын ичинде:

«O!TV Базалык» топтомуна жергиликтүү «Боорсок», «Тумар», «Ош Пирим», «Тигибу», «РенТВ Кыргызстан», ошондой эле Jahonnamo, TV Bakhoriston тажик каналдары кошулду. Топтомдогу бардык 40 каналдын баасы суткасына 3 сомду түзөт. Аны кошуу үчүн *750*1# териңиз;

«O!TV Стандарт» топтомунда – «ТНТ Музыка» и «Шансон ТВ». Топтомдо баары 100 канал, баасы – суткасына 5 сом. Кошулуу үчүн *750*2# териңиз;

«O!TV Премиум» топтомунда – Viasat Explore, Viasat History, Viasat Nature, Viasat Sport, Da Vinci, TV 1000 Action, TV 1000, «Русское Кино» и «Бокс ТВ». Топтомдо баары 140 канал, баасы – суткасына 7 сом. Кошулуу үчүн *750*3# териңиз.

O!TV кызматы бардык үй-бүлө үчүн популярдуу көрсөтүүлөрдүн жана фильмдердин дүйнөсүн ачат:

  • акыркы жылдардын престиждүү премияларынын лауреаттары болгон кинотасмалар, кызыктуу экшн-блокбастерлер;

  • укмуштуу окуялар, спорттун экстремалдуу түрлөрү, өзгөчө кесиптер жана башкача инсандар тууралуу көрсөтүүлөр;

  • байыркы жана заманбап цивилизациялар, мыкты ойлоп табуулардын тарыхы жөнүндө программалар;

  • жаратылыш жана жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө баяндар, билимге умтулган бардык жаш курактагы кишилерге арналган көңүл ачуучу жана шыктандыруучу программалар;

  • түз эфирде кесипкөй комментарийлер менен дүйнөлүк спорттук лигалардын оюндарын чагылдыруу.

O!TV мобилдик тиркемеси Кыргызстанда иштелип чыккан жана өз категориясында мыкты деп табылган, смартфондон же планшеттен ТВ көрүү боюнча эң популярдуу тиркемелердин рейтингинин башында турат. Сүйүктүү командаңыздын беттешиби? Өткөрүп жиберүүну каалабаган сериалбы? Жаңылыктарбы? Булардын баарын 140 ТВ каналын көрүүнү сунуштаган O!TV тиркемесинен көрүүгө ыңгайлуу. О! абоненттери үчүн тиркемени колдонууда интернет-трафик акысыз берилет. Эфирди паузага коюп коюп, кайсы жерден токтосоңуз ошол жеринен улап көрсөңүз болот. Сиз үчүн үч күн мурунку программалар да жеткиликтүү. Жөнөкөй жана ыңгайлуу!

Азыр колдонуп баштаңыз! Тиркеменин PlayMarket же AppStore платформаларынан акысыз жүктөңүз. Smart TV функциясы менен сиздин телевизордун чоң экранынан ТВ-көрүүнү кантип ырастоону otv.kg сайтындагы видеонускамадан көрүңүз. Сиз 140 ТВ каналды акысыз көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен кадимки телевизоруңузду АКЫЛДУУ телевизорго айланта турган O!TVAndroid приставкасын сатып алсаңыз болот. Толук маалымат 750 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) жана 0705 700 700 (башка операторлордун абоненттери үчүн) номерлеринен да жеткиликтүү.

O!TV – эмнени кааласаң жана качан кааласаң көр!

 


Тизмеге кайтуу