О! түйүнүндө интернет-трафиктин 74%ы социалдык тармактарга туура келет
Кыргызстанда социалдык тармактардын 1 800 000ден ашуун колдонуучулары бар. Алардын ичинен О! түйүнүнүн абоненттери гана күн сайын интернет-трафиктин 650 терабайттан ашыгын социалдык тармактарга коротушат, бул О! түйүнүндөгү трафиктин жалпы көлөмүнүн 74%ынан ашуунун түзөт. Мындай маалыматтарды О! Мобилдик оператору өзүнүн Instagram баракчасында келтирген.
«Эгер тарифтик пландардын алкагында берилип жаткан интернет-трафикти колдонуу статистикасын карай турган болсок, баарына бирдей тараган бир тенденцияны байкасак болот – көпчүлүк учурда интернет социалдык тармактардагы серфинг, ошондой эле тармактардагы трафикти керектөө үчүн колдонулууда», – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Өзүңүздүн социалдык тармактардагы аккаунтуңузду бүгүн канча жолу текшергениңизди, Instagram лентаңызды канча жолу барактаганыңызды, мессенжердеги билдирүүлөргө канча жолу жооп бергениңизди, жалпы чатта досторуңуздан келген күлкүлүү видеолорду канча жолу көргөнүңүздү эсептеп көрсөңүз? Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, орто статистикалык колдонуучу:
-
социалдык тармактарда күндө 2 саат отурат, бул жалпы өмүрүнүн 5 жылдан ашуун мезгилин түзөт;
-
соцтармактардагы өз баракчаларын суткасына 26 жолу текшерет.
Колдонуучулардын көпчүлүгү интернеттен ушундай сервистерди колдонуу менен чектелишет. Бирок бүгүн соцтармактарда достор менен баарлашса, музыка укса, ал гана эмес фильмдерди да көрсө болот. Андыктан бул көзгө көрүнөрлүк артыкчылык. Ал эми социалдык тармактарга бөлүнгөн трафик укмуштуудай ылдамдыкта “көздөн кайым болуп” жоголору чындык.
Бул тенденцияны эске алуу менен, О! Мобилдик оператору атайын сунушту ишке ашырып жатат – «Супер Бактылуу Сааттар» акциясы, анын алкагында 1 ГИГАБАЙТ болгону 0,5 сом турат!
Өз тарифине кошумча катары бул акцияга кошулганда Кыргызстандагы: YouTube, Instagram, Facebook, WhatsApp, ВКонтакте, Одноклассники сыяктуу эң көп керектелүүчү соцтармактардын расмий тиркемелерин саат 00:00дөн 08:00гө чейин колдонгон учурда интернет-трафик сарпталбайт.
*510#чакыруу буйрутмасы аркылуу «Супер Бактылуу Сааттар» акциясын кошуп алуу менен сиз суткасына болгону 5 сомго толук 10 ГИГАБАЙТ интернетке ээ болосуз.
Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. «Супер Бактылуу Сааттар» акциясынын толук шарттары менен www.o.kg сайтынан таанышсаңыздар болот.