О! Мобилдик оператору Жалал-Абад облусунда 4G LTE-түйүнүнүн кубаттуулугун жогорулатууну улантууда

18.02.2019

О! Мобилдик оператору Жалал-Абад облусундагы 4G LTE базалык станцияларынын санын көбөйттү.

Компаниянын берген маалыматтарына ылайык, 4G LTE форматындагы 150дөн ашуун жаңы байланыш объектилерди ишке киргизүү биринчиден, учурдагы базалык станцияларга түшкөн жүктөмдөрдү азайтууга, экинчиден, 4G камтуу аймагын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

«LTE камтуу аймагынын санынын көбөйүүсү менен бирге, бул жогорку ылдамдыктагы технологияны колдонуучулардын саны дагы өсүүдө. Биз алардын талаптарына жетишип калууга аракеттенип келебиз. Биз О! абоненттери жана модемдер менен роутерлердин колдонуучулары чексиз интернеттин артыкчылыктарынан пайдаланып калышсын деп дайыма 4G түйүнүнүн оптималдаштырып турабыз», — деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

Жаңы ылдамдыкты, түйүндүн жакшыртылган сапатын Жалал-Абад облусунун бардык аймактарынын жана кийинки шаарлар менен калктуу пункттарынын тургундары сезе алышат:

Сафедбулан, Ак-Там, Жапа-Салды, Кызыл-Ата, Достук, Сапалак, Сары-Талаа, Өрүктү, Орто-Токой, Ызар, Баймак, Келте, Кош-Алмурут, Кош-Терек, Жараке, Кайырма, Колот, Жети-Кошкон, Бешик-Жон, Жон, Аркалык, Кызыл-Ай, Тойчубек-Чек, Аук, Могол-Коргон, Первое мая, Шыдыр, Күлүк-Дөбө, Жетиген, Ак-Жол, Райкомол, Тегене, Авлетим, Байкашка-Терек, Жаңгактуу-Булак, Коргон, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө, Кара-Жыгач, Дардак-Дөбө, Сыны, Торкамыш, Чарба, Кашка-Суу, Жаңы-Айыл, Атана, Сары-Кашка, Семет, Кызыл-Туу, Жылгын, Жол-Сай, Топ-Жаңгак, Жүзүмжан, Кара-Суу, Сай-Булуң, Жерге-Тал, Кызыл-Жар, Кум, Рассвет, Достук, Кызыл-Туу, Апыртан, Беш-Жыгач, Бегет, Кызыл-Туу, Момбеков, Бостон, Жазгак, Жаңы-Кыштак, Курулуш, Киров атындагы, Коминтерн, Кызыл-Жылдыз, Параканда, Рахманжан, Аримжан, Кагазды, Алма, Бирдик, Жаңы-Арык, Жон-Арык, Көк-айдар, Эски-Массы, Саты, Таран-Базар, Үрүмбаш, Комсомол, Канды, Пригородный, Үлгү, Чеке-Дөбө, Чокмор, Чаңгыр-Таш, Үч-Малай, Бостон, Орто-Азия, Ак-Баш, Мундуз, Ленинское, Беш-Бала, Кедей-Арык, Сафаровка, Балта-Казы, Бостон, Жаңы-Жер, Жийде, Кашкар-Маала, Кызыл-Багыш, Кыргыз-Абад, Мундуз, Найман, Түрк-Абад, Өзбек-Абад, Чек, Ширин, Жаңы-Дыйкан, Камыш-Башы, Садда, Таш-Булак, Гүлстан, Димитровка, Доскана, Күмүш-Азиз, Арал-Сай, Жар-Кыштак, Дөмөр, Кургак-Көл, Ладан-Кара, Масадан, Тотия, Ырыс, Кара-Суу, Ленин атындагы, Жаңы-Жол, Арал, Кара-Суу, Комсомол, Кызыл-Туу, Качкынчы, Кызыл-Кыргызстан, Кызыл-Суу, Таш-Кутчу, Теңдик, Кудук-Сай, Көк-Таш.

О! сигналын ишенимдүү кармаган аймактар тууралуу маалыматты компаниянын сайтындагы камтуу картасынан көрсө болот. 

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! мобилдик операторунан LTE-түйүнү – Кыргызстанда 4G түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидери болуп саналат. Кыргызстандын жалпы тургундарынын 81%ынан ашууну жогорку ылдамдыктагы стандарт менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 


Тизмеге кайтуу