01.03.2016

О!нун сатуу жана тейлөө кеңсесинин жаңы дареги

О! мобилдик оператору Бишкек шаарындагы сатуу жана тейлөө кеңсесинин дарегинин алмашкандыгы жөнүндө билдирет.

29-февралынан тартып биздин кардарлар мобилдик байланыш кызматтарынын толук спектрин Юнусалиев көчөсү, 171/1 деги, «Beta Stores-2» СҮ жанындагы  О!нун жаңы кеңсесинен ала алышат (мурунку дареги  – «Beta Stores-2» СҮ, 1-кабат). Бул жерден компаниянын кардарлары тарифтик пландар жөнүндө билип, кызматтарды активдештирип,  SIM-картаны калыбына келтирип, чыгымдардын учурларын алып, байланыш кызматтарына төлөп, 4G-түзүлүштөрдү сатып алып, ошондой эле каалаган маселе боюнча кеңештерди ала алышат.

О!нун сатуу жана тейлөө кеңсеси мурунку график боюнча 10:00 дөн  21:00 чейин, эс алуу күндөрүсүз жана тыныгуусуз иштейт.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда О!нун 60 тан ашык сатуу жана тейлөө кеңсеси бар. Сиздин шаардагы жакынкы кеңсенин дарегин компаниянын расмий сайтынан www.o.kg билүүгө болот.



Тизмеге кайтуу