16.05.2017

О! мобилдик операторунан Россияда арзан 4G-интернет - 1 МБ/1 сом

О! мобилдик оператору кыргызстандыктардын эң популярдуу багыттары боюнча роумингде бааларды арзандатууну улантып жатат. Бүгүнкү күндөн тартып 1 МБ Мегафон (Россия) түйүнүндө болгону 1 сом болот! Мындай баа Tele2 россиялык операторунун түйүнүндө да жеткиликтүү экендигин эске салабыз.

«Бүгүнкү күнү жол жүрүүлөрдө арзан Интернет салттуу чалууларга жана SMSке караганда жаңы шаарларда навигатор-тиркемелер аркылуу жүрүү, мессенджерлерде достор жана туугандар менен жазышуу, керек сөздү Google Translate-те которуу үчүн бир топ маанилүү. Дал ошол себептен биз биринчи кезекте биздин абоненттерибизге кыргызстандыктар көп бара турган өлкөлөрдө арзан Интернет роумингди сунуш кылып жатабыз», - деп роуминг жана интерконнект кызматынын жетекчиси Роман Литвинов белгиледи.

1 МБ арзандатылган баасы – болгону 1 сом Tele2 операторунун түйүнүндө жана Түркиянын Turkcell түйүнүндө да иштерин эске салабыз. Роумингдеги арзан 4G-интернет иш сапарда же жеке иштер менен жүргөндө, өз номерди сактоо менен маанилүү иштерди улантууга мүмкүндүк берет. Кызматты 997# буйрутмасы менен акысыз жана абоненттик төлөмсүз кошууга болот. Башка тарифтер жөнүндө кенен маалыматты О! мобилдик операторунан www.o.kg сайтынан «Роуминг» бөлүмүнөн билиңиздер.

О! мобилдик операторунан роуминг – кам санабай саякатта!


Тизмеге кайтуу