О! мобилдик оператору TOYOTA Land Cruiser PRADO-нун ачкычын лотереянын жеңүүчүсүнө тапшырды

О! мобилдик оператору «Ийгилик» укмуштуудай сонун лотереясынын жеңүүчүсүн сыйлады. Баш байгенин – 2016-жылы өндүрүлгөн Toyota Land Cruiser PRADO авто унаасынын бактылуу ээси болуп Токмок шаарынын жашоочусу Айбек Теленов табылды. Мындан тышкары, лотереянын жыйынтыктоочу үчүнчү этабында - Huawei Y3II смартфондорунун 25 ээси  жана 4G Wi-Fi Wingle-дин 30 ээси аныкталды.

Финалдык ойнотуу 2017-жылдын 6-мартында компаниянын башкы кеңсенин жанында болуп өттү. Ойнотуу ачык жана таза өттү. Бардык каалоочулар өздөрү жеке күбө болушту жана жеңүүчүнү аныктоого катышышты. Лотереянын жыйынтыктарын чыгаруу үчүн атайын автоматташтырылган тутум колдонулду, ал лотереянын катышуучуларынын тизмесинен номерлерди кокус генерациялайт.

«Албетте, утуп алганым жөнүндө билгенде өтө таң калдым жана дароо эле ишенген жокмун. Жыйынтыгы жөнүндө мага компаниянын өкүлдөрү 6-март күнү жумушчу күн бүтүп баратканда билдиришти. Мен акырына чейин өз ийгилигиме ишенбей жаттым. О! мобилдик операторуна мындай белек үчүн рахмат! Мен декабрда лотереяга кошулуп жатканда, баш байгенин ээси болом деп оюма да келген эмес. О! менен ойноңуздар жана утуп алыңыздар!», – деп Toyota Land Cruiser PRADO-ну утуп алган Айбек Теленов билдирди.

Лотерея 2016-жылдын 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 6-мартына чейин О!нун бардык абоненттери үчүн өткөрүлдү. Лотереяга катышуу үчүн каттоодон өтүп, О!нун байланыш кызматтарын колдонуп, билеттердит топтош керек эле.

Жыйынтыктоочу ойнотуунун бардык жеңүүчүлөрүнө О!нун байланыш-борборунан 707 кыска номериндеги чалуу менен маалымданды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси жана сүрөттөрү менен www.udacha.o.kg сайтынан таанышууга болот. 



Тизмеге кайтуу