15.11.2016

О! мобилдик оператору Талас жана Чүй областтарында түйүндөрдү өнүктүрүп жатат

Октябрда О! мобилдик операторунун техникалык адистери Талас  жана Чүй областтарында жаңы жабдыктарды эксплуатациялоого ишке киргизип, учурда иштеп жаткан база станцияларын жаңылатышты. Мисалы, жаңы 4G-жабдыкдар Талас, Бишкек жана Токмок шаарларында пайдаланууга киргизилди. Ошондой эле жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, Талас областынын Куру-Маймак жана Маймак айылдарынын аймагында добуштук кызматтардын сапаты бир топ жакшыртылды.

 «Смартфондордун жашообузга киришинин көбөйүшү менен абоненттердин керектөө профили да өзгөрүп жатат. Ошол себептен биздин милдет – сапаттуу байланышты түйүнгө дайыма болуп жаткан жүктөмдү  эске алуу менен камсыз кылууда жатат. Биз абоненттерибиз дайыма байланышта болушу үчүн өлкөнүн бүткүл аймагында кызматтардын сапатын жакшыртууну уланта беребиз !», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

Жаңы жылдык сунуштун чегинде, кыргызстандыктар акция боюнча 4G Wi-Fi Wingle сатып алып, бир жыл бою интернетти пайдалануу мүмкүндүгүн белекке алышарын эске салабыз. Фирмалык 4G-түзүлүштөрдү О!нун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алууга болот.



Тизмеге кайтуу