16.03.2016

О! мобилдик оператору: мобилдик эсепти комиссиясыз кантип толтурууга болот?

О! мобилдик оператору балансты бүткүл республика боюнча акысыз толтуруу мүмкүн экендигин эске салат. Мисалга, бүгүнкү күнү. О!нун абоненттери мобилдик эсепти комиссиясыз   бүткүл өлкө боюнча 500 түйүндө толтура алышат.

  • Бүткүл өлкө боюнча О!нун 60 ашык тейлөө жана сатуу кеңсеси;
  •  Коомдук жайларда, соода борборлорунда жана маркеттерде 250 дөн ашык терминал;
  • Чүй областындагы «Кыргызпочтасынын» 84 почта бөлүмдөрү;
  • Бүткүл өлкө боюнча «Оптима Банк» тармактаында 124 терминал

«Балансты комиссиясыз толтуруу үчүн түйүндөрдү кеңейтүү биздин абоненттерибизге өзүлөрүнө ыңгайлуу вариантты тандап,   эсебин комиссия төлөбөстөн толтурууга мүмкүндүк берет. Жыл башынан тартып, биздин абоненттер өз мобилдик эсебин комиссиясыз  «Народный» маркеттеринен толтура аларын эске салабыз. Мындан тышкары, ыңгайлуу электрондук капчыктыктарды  «Мобильник», GeoPay жана «ЭЛСОМ» колдонууга болот. Биз муну  менен токтоп калбайбыз жана биздин түйүндү өнүктүрүүнү улантып жатабыз», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.

О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринин даректери менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg. таанышууга болот.

 О! мобилдик оператору– сенин сматрфонуң үчүн байланыш!  



Тизмеге кайтуу