08.02.2017

О! мобилдик оператору лотереянын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

О! мобилдик оператору «Ийгилик»  сонун лотереянын экинчи этабынын жыйынтыктарын чыгарды жана жеңүүчүлөргө 25 смартфон  Huawei Y3II жана 30 чакан түзүлүш 4G Wi-Fi Wingle тапшырды. Баш байге - TOYOTA Land Cruiser Prado 2017-жылдын 6-мартында лотереянын акыркы этабында ойнотулат.

Катышуучу бол жана жаңы автоунаанын жана башка баалуу байгелердин бактылуу ээси бол, 777# буйрутмасын терип, О!нун байланыш кызматтарын пайдаланып билеттерди топтой башта. Каттоодон өткөндөн кийин абонентке төмөнкүдөй виртуалдык лотереялык билеттер эсептелип турат.  

  •  Лотереяга кошулгандык үчүн 2 билет эсептелет;
  • Балансты  ар бир 145 сомго толтурганда 3 билет эсептелет;
  • Байланыш кызматтарына корогон ар бир 145 сом үчүн 5 лотереялык  билет эсептелет.

Катышуу таптакыр бекер. Лотереялык билеттердин саны чексиз.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн атайын автоматташтырылган тутум колдонулат, ал лотереяга катышуучулардын тизмесиндеги кокус номерлерди генерациялайт. Ойнотуулар ачык жана таза өтөт – бардык катышуучулар жеңүүчүлөрдү аныктоого катышып күбө боло алышат. Жеңүүчүлөрдү аныктоого чакыруу компаниянын Facebook  социалдык тармактагы расмий барагына жарыяланат.

Лотереянын алгачкы эки этабынын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү менен udacha.o.kg сайтынан таанышууга болот. 



Тизмеге кайтуу