12.01.2016

О! мобилдик оператору: балансты комиссиясыз толтуруу ыкмалары

Өлкөнүн телекоммуникация рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү –О! мобилдик оператору балансты комиссиясыз толтуруучу жайлардын санын көбөйтүп жатат. Жыл башында О! 50 жаңы терминалды ишке киргизүү менен эсте калган. Мобилдик эсепти комиссиясыз толтуруу жайларына “Народный” соода түйүндөрү да кошулду. Эми балансты комиссиясыз толтуруу жайлары мурункудан да көбөйдү:

  • Бүткүл өлкө боюнча О!нун 60 ашык сатуу жана тейлөө кеңселери;
  • 250 дөн ашык терминал коомдук жайларда, соода борборлорунда жана маркеттерде;
  • Чүй областындагы «Кыргызпочтасынын» 84 почта бөлүмүндө ;
  • бүткүл өлкө боюнча «Оптима Банк» тармагынын 124 терминалы.

 Биздин өлкөдө балансты комиссиясыз толтуруу мүмкүндүгү улам көбөйүп жатат. Бүгүнкү күнү О!нун абоненттери мобилдик эсепти дээрлик 500 жерден толтура алышат. Балансты комиссиясыз толтуруу жайларынын тармагын кеңейтүү биздин абоненттерге өзүлөрүнө ылайыктуу вариантты тандоого мүмкүндүк берет!», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.

 О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринин даректери менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.

О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!



Тизмеге кайтуу