02.09.2016

О! мобилдик оператору Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү колдоду

О! мобилдик оператору эл аралык Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө өнөктөш болуп саналат. 2016-жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулардын катышуучу менен масштабдуу эл аралык иш-чара өтөт. Мындан тышкары, бул иш-чарага 50дөн ашык мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары, маданияттын жана илимдин көрүнүктүү ишмерлери, ЖМК өкүлдөрү катышат.

«Биз Кыргызстан үчүн маанилүү болгон ушул иш-чаранын бөлүгү болуп, дүйнөдөгү көчмөн элдердин маданиятынын тарыхый маданий мурасын жандандырууну жана сактап калууну колдоого – Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кошкон салымыбыз үчүн сыймыктанабыз. Албетте, бул иш-чара өлкөбүздү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык, маданий, туристтик жана имидждик аспектилерине таасир этет. Оюндардын коноктору жана катышуучулары дайыма байланышта болуп турушу үчүн  этношаарда жана ат майданда кошумча база станцияларын орноткондугубузду белгилегим келет. Алдыдагы мелдештердин бардык катышуучуларына ийгилик каалайбыз!», – деп айтты компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Оюндар жүрүп жаткан учурда ат майданынын аймагындагы  компаниянын абоненттерине ыңгайлуу болуш үчүн О!нун сатуу жана тейлөө кеңселери иштейт. Бул жерден компаниянын толук кызматын – тарифтик план же мобилдик номер тандоого, кошумча кызматтарды жана сервистерди кошууга жана күүлөөгө, балансты комиссиясыз толтурууга, жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүү үчүн фирмалык 4G-түзүлүштөрдү сатып алууга жана адистердин кеңешин алууга болот. Дал ушул күндөрү ар бирине 4G Wi-Fi Wingle-ди пайдалуу шарттарда сатып алууга мүмкүндүк берген акция жүрүп жатат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатат. Оюндардын салтанаттуу ачуу жана жабуу иш чаралары, 23 этноспорттун түрү боюнча спорттук мелдештер  жана ар түрдүү маданий-массалык иш-чаралар күтүлүүдө. 



Тизмеге кайтуу