17.05.2016

О! мобилдик оператору 4G түйүнүн Военно-Антоновкада ишке киргизди

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору Кыргызстанда 4G камтыган аймакты кеңейтүүнү улантып жатат. Бүгүн компания төртүнчү муундагы ылдам Интернетке кирүү кызматын Чүй областынын Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында ишке киргизди.

 «Бүгүндөн тартып О!нун төртүнчү муундагы интернетин өлкөнүн 8 ири шаары жана бир нече айылдары  колдонуп жатышат. Мобилдик маалыматтарды берүү кызматына суроо-талап үзгүлтүксүз өсүп жатат жана ошол себептен О!нун телеком-инфраструктурасын өнүктүрүүнүн кийинки кадамы  болуп бүткүл өлкө боюнча инновациялык 4G түйүнүн масштабдуу ишке киргизүү болуп калды. Кошулуңуздар жана интернет-сервис менен иштөө үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачыңыздар!», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору   Максим Сидоренко.

Азыркы учурда төртүнчү муундагы ылдам Интернет кызматтары өлкөнүн 8 ири шаарында Нарын, Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кант, Токмок жана Кара-Балтада жеткиликтүү. О!нун абоненттери трафик жөнүндө кам санабастан мобилдик интернетти пайдалана алыша аларын  эске салабыз, себеби оператор арзан чексиз интернет сунуштарынын кеңири топтомун сунуш кылат, алардын аркылуу интернет-трафиктин сарпталышын текшербестен, арзан баадагы жогорку ылдамдыктагы интернеттин бардык артыкчылыктарын колдонууга болот.

Эң арзан баадагы 4G түзүлүштөрдү О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот. Ыңгайлуу жана бышык 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутерлер «Чексиз 4G» кызматын 60 же 90 күнгө кошкондо болгону 1 сомдон сатылып жатат. Акциянын шарттары менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg кененирээк таанышууга болот.



Тизмеге кайтуу